Курс USD 87.32 / 87.79
Курс EUR 102.52 / 103.52
Курс RUB 1.102 / 1.128
Курс KZT 0.141 / 0.181
USD USD
87.32 / 87.79
EUR EUR
102.52 / 103.52
RUB RUB
1.102 / 1.128
KZT KZT
0.141 / 0.181

Лицензиясыз акча алмаштырган 22 кыргызстандыкка айып салынды

16-майдан19-майга чейин КРнын Улуттук банкынын Ош жана Баткен облусунун башкармалыгы тарабынан лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн 22 жаранга административдик чаралар көрүлдү.
Лицензиясыз акча алмаштырган 22 кыргызстандыкка айып салынды

Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын 2 жаранынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

КРнын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 8 жаранынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Улуттук банктын Ош облусу боюнча башкармалыгы түштүк борбордо лицензиясы жок акча алмаштыруучу жайларды жүргүзгөн 12 кыргыз жаранына да ушундай эле суммада айып пул салган.

КРнын Улуттук банкы мындай операциялар мыйзамсыз экендигин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар лицензиясы жок валюталарды алмаштыруу үчүн кандай жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.