Курс USD 87.29 / 87.79
Курс EUR 98.09 / 99.09
Курс RUB 1.030 / 1.085
Курс KZT 0.118 / 0.183
USD USD
87.29 / 87.79
EUR EUR
98.09 / 99.09
RUB RUB
1.030 / 1.085
KZT KZT
0.118 / 0.183

Банкирдин кризиске каршы кеңеши: туруктуу эмес мезгилде акчаны кантип жоготпоо керек

Экономика илимдеринин кандидаты, Forbes Kazakhstan журналынын Казакстандын эң таасирдүү ишкерлеринин рейтингинин катышуучусу Алмас Чукин жеке каржы тармагындагы бир нече каталарды атады.
Банкирдин кризиске каршы кеңеши: туруктуу эмес мезгилде акчаны кантип жоготпоо керек

Бул тууралуу Digital Business басылмасы билдирди.

Туруксуздук мезгилинде финансылык адаттар тез калыптанат, бирок алардан арылуу абдан кыйын. Алмас Чукин окурмандарга пайдалуу кеңештери менен бөлүштү.

Азыркы тапта кыймылсыз мүлккө чоң инвестиция салуудан эч кандай пайда жок 

Эгерде сизде 2 батир болсо жана ашыкча акчаңыз жок болсо, балансты сактап батирдин бирөөсүн сатып, акчаны депозитке салыңыз. Ошондо киреше дагы жогору болот.

Насыяга өтө кымбат эч нерсе сатып албаңыз!

Насыяга сизди натыйжалуу кылган гана нерсени сатып алыңыз. Унааңыз бузулуп,  оңдоого тынымсыз акча коротуп, жумушка кечигип барып жатсаңыз, жаңысын сатып алыңыз. Кичинекей, жупуну, бирок жаңы. Ал сен үчүн иштейт. Бирок 5 жылдык «тажрыйбасы» бар престиждүү машинаны сатып албаш керек, ал бузулат.

Көп коротсом, көп акча табам деп ойлобоңуз

Америкалыктардын жакшы сөзү бар: «Тапкан доллардан үнөмдөлгөн доллар артык». Сиз акча тапкандан кийин, ал сиздин акчаңыз эмес. Сиз аларга салык төлөйсүз жана башка чыгымдар эске алынышы керек. Көбүрөөк акча табууга аракет кылгандын ордуна, чыгашаларды  карап көргөн оң. Бул кирешени көбөйтүүгө караганда бир нече эсе натыйжалуу. Сакталууга мүмкүн болгон нерсенин баарын сактаңыз.

Түшүнбөгөн акцияларды сатып албаңыз

Адистер менен байланышыңыз. Тилекке каршы, биздин ички инвестиция дүйнөбүз абдан тар. Акцияларды же башка нерселерди сатып алууга өзүңүз аралашпаңыз. Адамдарга депозиттер, кыймылсыз мүлктөр, бир нече жергиликтүү үлүштөр сунушталат.

Келгиле, эсеп ачып, Apple, Tesla акцияларын сатып алалы. Жөнөкөй адам АКШдагы акциялардын кайда кетери жөнүндө эмнени түшүнө алат? Бирок сиз дагы деле кааласаңыз, мындай адамдар үчүн ETF сыяктуу ачык-айкын продуктулар бар. Эгер сиз америкалык биржага ишенсеңиз, ETF сатып алып, 20 жыл тынч жашаңыз. Чоң суммадагы акча болбойт, бирок кирешелүүлүк сөзсүз болот.

Буга чейин Digital Business Казакстандыктардын каржылык сабаттуулугу боюнча продукцияларды өнүктүрүү жана кардарлар менен байланыштар боюнча директору Зденек Фоукалдын кеңештери тууралуу кабарлаган. 

Эске сала кетсек, Алмас Чукин ААК «О!Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн, экономика илимдеринин кандидаты.

Алмас Чукиндин 36 жылдык тажрыйбасы бар, анын 25 жылы каржы-экономика тармагында. Ал инвестициялык портфелди башкаруу жана корпоративдик башкаруу боюнча терең билимге ээ.

Сүрөт: Digital Business

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.