60 жаштан жогоркуларга киберкоопсуздук: Banks.kg жана «КСБ Коммерциялык банкы» окутуу өткөрүштү

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Ардагер» геронтологиялык борборунун ресурстук бөлүмүнүн 15 катышуучусу катышты. Бул жолугушууга техникалык колдоону «Социум» коомдук фонду көрсөттү.
«Чоң энеге айт»: Улгайган жарандарды алдамчылыктан сактагыла!
Иш-чаранын башталышында катышуучуларга КРнын Улуттук банкынын финансылык сабаттуулук боюнча эки тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң, «КСБ Коммерциялык банкынын» кызматкери «Финансылык сабаттуулук: финансылык алдамчылыктын түрлөрү» аталышындагы темада баяндама жасады.
Анда каржылык сабаттуулук, акча топтоо жана кибер-алдамчылык менен күрөшүү ыкмалары түшүндүрүлдү. Ошондой эле презентацияда Банктын «Чоң энеге айт» демилгеси көрсөтүлүп, ал жаштарды жакындарына жардам берүүгө, акча жоготуу коркунучу жана алдамчылык схемалары тууралуу маалымдоого багытталганы айтылды.
Пенсионерлер алдамчылардын ар кандай ыкмаларында өтө алсыз болушат. Улгайган адамдардын кибер-сабаттуулугунун деңгээли эски алдамчылык технологияларын колдонгон жана жаңыларын ойлоп тапкан чабуулчуларга туруштук бере албайт. Кары адамдарга каршы аларга карата көбүнчө социалдык-инженерия ыкмалары каршы колдонулат, аларды коркутуп-үркүтүп, шашылыш түрдө кандайдыр бир аракеттерди жасоого мажбурлайт. Алдамчылар психологияны жакшы билгендиктен сүйлөшүү маалында адамдардын эмоционалдык маанайына таянышат.
Финансылык сабаттуулук жана рационалдуу ой жүгүртүү гана алдамчыларга каршы күчтүү коргонуу болуп саналат.
Алдамчылардан коргонуунун универсалдуу жолу
Андан соң, Banks.kg порталынын журналисти алдамчылыктын кайсы түрлөрү эскиргенин, кайсынысы кайра-кайра жаңыланып пайда болуп жатканы тууралуу айтып берди.
Пенсионерлер көп учурда өтө ишенчээк болушат, аларды оңой эле коркутуп, ынандырып алышат. Көпчүлүк улгайган адамдарга баарлашуу жетпейт, мындан улам алар шылуундар менен диалог түзүшүп, алардын өтүнүчтөрүн аткарышат – тагыраагы «коопсуз» эсептерине акча которушат, «пенсияны жогорулатуу» же «кыйынчылыктан жардам» боюнча семинарларга насыя алышат.
Албетте, шылуундардын кылтагына илинген улгайган кыргызстандыктар гана эмес, жаштар, жада калса балдар да бар.
Пайдалуу кеңештерди жана билимдерди алуу менен адамдар алдамчылардын айла-амалдарына туруштук берип, жана каржылык жоготуулардан сактанышат. Биздин порталдын кызматкерлери финансылык сабаттуулук темаларын үзгүлтүксүз чагылдырып, муну менен окурмандардын салыктык, укуктук жана финансылык сабаттуулугун жогорулатууда салым кошууда.
Викторинанын жеңүүчүлөрү белектерге ээ болушту
Banks.kg порталы «Социум» коомдук фондунун коноктору арасында акча викторинасын өткөрдү. Анда баардыгы активдүү катышып, улуттук жана чет элдик валюталар боюнча суроолорго туура жооп берип кубантышты.
Ошентип, 400 упай менен биринчи орунду Светлана Бырда алды. Ал эми Айнур Аманкулова 300 упай менен экинчи орунду алса, Майя Сабирдина 200 упай менен күмүш байгеге ээ болушту. (жеңүүчүлөр негизиги сүрөттө)
Бардык катышуучуларга жагымдуу белектер берилди: термос, жууркан, жыпар жыттуу шамдар жана Banks.kg порталынан кыргыз жана орус тилдеринде пайдалуу макалалары бар «Бүткүл үй-бүлө үчүн финансылык сабаттуулук» буклеттери.
Белектер жана фуршет
Иш-чаранын соңунда фонддун конокторуна «КСБ коммерциялык банкы» тарабынан фуршет тартууланды. Ошондой эле баарына фирмалык буюмдар: дептерлер, калемдер жана календарлар тартууланды. 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө карата чыгарылган 2025-жылдын календарлары берилди.
«Улуу ата-бабалардын элеси азыркы муундун саясий, укуктук, социалдык-экономикалык, маданий жана адеп-ахлактык тандоосу үчүн камкордук болгон жана боло берет», - деп билдирди «КСБ коммерциялык банкынын» кызматкер айымы.
Иш-чаранын соңунда катышуучулардын бири-бири менен пикир алышуусу жана майрамдык фуршет тартууланды.
Эске сала кетсек, «Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2025» акциясынын алкагында Banks.kg порталы жана «Ардагер» ресурстук борборунун бөлүмү 11-апрелде КРнын Улуттук банкынын Нумизматика музейине 60 жаштан жогорку аялдар үчүн экскурсия уюштурган.
#GMW2025
#GMWKyrgyzstan2025
Фото: Banks.kg
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.