Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран «жолуңду ачып беребиз» дегенге ишенип, белгисиз адамга мобилдик тиркеме аркылуу 523 миң 366 сом которгонун айткан. Бирок ал акчаны алгандан кийин байланышын үзгөн. Жабырлануучу шектүү менен Instagram социалдык тармагындагы жарнамадан улам байланышкан.
Аталган факты боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Б.Е., аттуу жаран кармалган. Шектүү Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоо жыйына киргизилген.
Шектүүнүн жашаган жерин тинтүүдө телефондор, банктык карталар, жарнамалык баракча, визиткалар, Куран, Кабыл болгон дубалар аттуу китептер, сырткы көрүнүшү 100 доллар номиналындагы банкнотторго окшош купюралар табылган.
Октябрь РИИБи аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды +996 (700) 21 00 24, +996 (551) 90 00 59 же 102 номуруна чалууга чакырат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.