Ишкерлерди негизсиз текшерүүгө убактылуу тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык контролун жүргүзүүгө 2026-жылдын 31-декабрына чейин тыюу салган жарлыкка кол койду. Кыргызстанда бизнес үчүн эмнелер өзгөрөт?

Ишкерлерди негизсиз текшерүүгө убактылуу тыюу салынды
Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Президент Садыр Жапаров 28-январда «Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө»жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жарлыктын негизги максаттары: 

  •  ишкердик субъекттердин ишин колдоо жана дем берүү; 
  • экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу; 
  • инвестициялык климатты жакшыртуу; бизнестин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо; 
  • ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүнө жол бербөө.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салык органдарында катталган ишкердик субъекттерге төмөнкүлөрдү кошпогондо, салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык контролун жүргүзүүгө 2026-жылдын 31-декабрына чейин мораторий киргизилүүдө:

  • көчмө тематикалык, пландык жана утурлама текшерүүлөрдү;
  • ишкердик субъекттин арызы боюнча уюмду жоюуда жана/же жеке ишкердин ишин токтотууда текшерүүнү;
  • камералдык текшерүүнү;
  • рейддик салык контролун жана жалпы салык режими же 2, 3, 4, 6 жана 8 пайыздык ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттеринин, ошондой эле зергер буюмдарын жана товарлардын акциздик топторун өндүрүүнү жана/же сатууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттеринин контролдук-кассалык машиналарын колдонуу тартибин сактоосуна салык контролун.

Бул жарлык күчүнө кирген датага карата аягына чыкпаган жана токтотуп турулган көчмө текшерүүлөр салык мыйзамдарында белгиленген тартипте аякталууга тийиш.

КРнын МСКга салык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө жол бербөө максатында текшерүүлөрдүн планына негиздүү киргизүү үчүн тобокелдикке багытталган ишкердик субъекттерди табуу боюнча аналитикалык ишти күчөтүү тапшырмасы коюлду.

Укук коргоо органдарынан кылмыштын белгилерин көрсөткөн жетиштүү маалыматтар жок болгон учурда ишкердик субъекттерге карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөрдү демилгелөөгө багытталган кылмыш иштерин козгоого жол бербөө талап кылынат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.