Курс USD 87.22 / 87.71
Курс EUR 100.18 / 101.18
Курс RUB 1.081 / 1.114
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.22 / 87.71
EUR EUR
100.18 / 101.18
RUB RUB
1.081 / 1.114
KZT KZT
0.117 / 0.187

Алынган кепилдиктердин көлөмү боюнча Ош жана Чүй облустарынын бизнес өкүлдөрү алдыңкы орунда

«Кепилдик фонд» ААКсы ишмердүүлүгүн баштагандан бери өлкөнүн аймактарындагы ишкердик субъекттерине артыкчылыктуу түрдө кепилдик колдоо көрсөтүп келет.
Алынган кепилдиктердин көлөмү боюнча Ош жана Чүй облустарынын бизнес өкүлдөрү алдыңкы орунда

2025-жылдын башынан бери кепилдиктердин 90%дан ашыгы аймактарга жөнөтүлдү. Артыкчылыктуу багыттар катары айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай, ипотека жана туризм тармактар бойдон калууда. Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу аймактарга өзгөчө көңүл бурулууда.

Үстүбүздөгү жылдын беш айында «Кепилдик фонд» ААКсы өлкөнүн ишкерлерине 3 миллиард 70 миллион сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга мүмкүнчүлүк берди. Кредиттик каражаттардын көрсөтүлгөн көлөмүн камсыздоо үчүн дээрлик 923 млн 858 миң сом суммасында 647 кепилдик берилген.

Бул мезгилде Ош жана Чүй облустарынын ишкерлери алынган кепилдиктердин көлөмү боюнча алдыңкы орунга чыгышты:

  • Ош облусунун ишкерлери 153 миллион 507 миң сом өлчөмүндөгү кепилдикти пайдаланып, 353 млн 231 миң сом өлчөмүндө кредиттерди алышкан.
  • Чүй облусунун ишкерлери 190 млн 430 миң сомдон ашык суммага кепилдик менен 480 млн 323 миң сом ала алышты.

Андан кийин орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

  • Ысык-Көл облусу: кредиттик каражаттар - 334 млн 672 миң, кепилдиктер - 68 млн 608 миң;
  • Талас облусу: кредиттик каражаттар - 224 млн 425 миң сом, кепилдиктер - 85 млн 742 миң сом;
  • Жалал-Абад облусу: кредиттик каражаттар - 148 млн 674 миң сом, кепилдиктер - 49 млн 879 миң сом;
  • Баткен облусу: кредиттик каражаттар - 95 млн 938 миң сом, кепилдиктер - 34 млн 730 миң сом;  
  • Нарын облусу: кредиттик каражаттар - 69 млн 778 миң сом, кепилдиктер - 23 млн 274 миң сом.

Фото: depositphotos

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.