Кассалык аппараттын кереги жок: салык кызматы жаңы фиксалдык чечимди ишке киргизүүдө

1-сентябрдан тарта, МСК коомдук тамактануу чөйрөсүндө маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырды.

Кассалык аппараттын кереги жок: салык кызматы жаңы фиксалдык чечимди ишке киргизүүдө
Иллюстрациялык сүрөт

Салык кызматынын маалыматына ылайык, бул пилоттук долбоор ишканалардын буга чейин иштеп жаткан эсепке алуу системаларын интеграциялоого багытталган. Бул товарларды же кызматтарды сатып алууда ар бир эсептөөнү каттап, маалыматтарды Салык кызматынын системасына өткөрүп берет. 

Санарип чечиминин артыкчылыктары

  • кошумча чектерди жана башка кассалык аппаратты колдонбостон, эсепке алуу программасынан түз эле фискалдык чек түзүп берүүгө мүмкүнчүлүк берет;
  • маалыматтарды берүү функциясы операциянын жыйынтык суммасын дароо Салык кызматынын системасына жөнөтөт;
  • маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү ишкерлерди кассалык аппараттарды сатып алуу милдетинен куткарып, кошумча жабдууларды орнотууну талап кылбайт.

Долбоорду кеңейтүүнүн этаптары

Долбоор 2026-жылдын 31-июлуна чейин Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында уланат. Пилоттук долбоор төмөнкү мөөнөттөрдөн баштап бизнестин башка тармактарына да жайылтылат:

  •  2025-жылдын 1-октябрынан тарта — мейманканаларда; 
  • 2026-жылдын 1-февралынан баштап — май куюучу жайларда.

Ыктыярдуу катышуу 

Башка региондордо иштеген жана пилоттук долбоорго ыктыярдуу негизде катышууну каалаган ишкерлер, Салык кызматына кайрылып, катышуу шарттарын макулдашса болот. Кененирээк маалыматты 0312 62-08-67 номери аркылуу алууга болот.

Бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу салык системасын санариптештирүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Ал ишкерлер арасында фискалдык программалык камсыздоону андан ары массалык түрдө киргизүү үчүн шарттарды түзөт.