Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын бардыгын 2024-жылы сентябрда президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон.
Алагөзов белгилегендей, акыркы убакта айрым тараптар тигил же бул адамды президенттин коомдук кеңешчиси же жардамчысы деп атап жатышат. Ал билдиргендей, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси (Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү) Чанпэн Чжао гана санариптик активдер жана блокчейн-технологиялары маселелери боюнча.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.