Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Чүй облусу лизинг боюнча техника алууда лидер болду

Кыргызстанда «Мамлизинг-1–6» долбоорунун алкагында 2011-жылдан бери жалпы 32,4 млрд сомго 11 миң 710 айыл чарба техникасы лизинге берилди.

Чүй облусу лизинг боюнча техника алууда лидер болду
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Долбоор «АБанк» ААК жана «Элдик Банк» ААК аркылуу ишке ашырылууда.

2026-жылдын башынан бери дыйкандарга 1427 техника лизингге берилди. Облустар боюнча алганда:

  • Чүй облусуна -715;
  • Ысык-Көл-облусуна - 155;
  • Ош облусуна - 126;
  • Жалал-Абад облусуна - 209;
  • Талас облусуна - 89;
  • Нарын облусуна - 64;
  • Баткен облусуна - 69 техника алынды.

Маалыматка ылайык, алынган техникалардын жалпы баасы 4 млрд сомду түздү.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.