Себеби жөнөкөй: максаттар туура эмес коюлган же реалдуу пландар мененм айкалышпайт.
2026-жыл өзгөчө болушу мүмкүн - эгерде сиз каржылык максаттарыңызга эмоционалдуу эмес, системалуу мамиле кылсаңыз.
Эмне үчүн каржылык максаттар жылдын аягына чейин жетпейт
Эксперттер бир нече каталарды белгилешет:
- ашыкча эле абстракттуу формулалар («көбүрөөк акча каалайм»);
- мөөнөттөрдүн жана этаптардын жоктугу;
- киреше менен дал келбеген күтүүлөр;
- максатты колдогон көзөмөлдүн жана финансылык адаттардын жоктугу;
- системага эмес, бир гана эркке таянып алуу.
Планы жок каржылык максат – бул каалоо. План менен каржылык маскт – бул курал.
1-кадам. Максатты туура коюу
Максат үч суроого жооп бериши керек: канча, кайсы мөөнөткө жана эмне үчүн.
- Жаман: «2026-жылга акча чогултуу».
- Жакшы: «2026-жылдын декабрь айына каржылык коопсуздукка 300 000 сом чогултуу».
- Маанилүү: максат реалдуу болушу керек. Эгерде киреше - 50 000 сом болсо, жыл ичинде кошумча киреше киреше булагы жок миллион чогултуу мүмкүн эмес.
2-кадам. Максатты каалоого эмес кирешеге байлайбыз
Иштей турган ыкмалардын бири – кирешенин пайызы.
Мисалы:
- киреше — 60 000 сом;
- максат — ай сайын 10–15%ын чогултуу;
- жыл ичинде чогултулган сумма — 72 000 –108 000 сом.
Аз өлчөмдөгү бирок регулярдуу сумма жакшы натыйжа берет. Туруктуу 5-10% чогултуу бир жолку «баатырдык» ири сумманы каткандан көрө алда канча эффективдүү.
3-кадам. Чоң максатты кыска этапка бөлүү
Мээ кыска горизонтторду жакшыраак кабыл алат.
- Ордуна: «жыл ичинде 300 000 сом чогулткандан көрө».
- Иштейт: 25 000 сом айына же 6 250 сом аптасына чогултуу.
Адам прогрессти канчалык көп көрсө, максатынан баш тартпоо мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.
4-кадам. Шыкка ишенип отура бербей, система түзүү
Системалык мамиленин жоктугунан улам шык туруксуз болуп саналат.
Эмне жардам берет:
- чогултуу үчүн өзүнчө эсеп же салым;
- киреше түшкөн күнү автоматтык түрдө эсептен алуу;
- «алгач өзүңө төлө, анан корот» эрежеси.
Эгер акча автоматтык түрдө эсептен алынса, ай сайын чечим кабыл алуунун кажети жок – максат өзүнөн өзү алдыга жылат.
5-кадам. «Финансылык агып чыгууларды» чектөө
Максаттын аткарылбай калышынын жалпы себеби - чоң чыгашалар эмес, кичинекей, үзгүлтүксүз чыгымдар:
- күтүүсүздөн сатып алуулар;
- тамак жасагандын ордуна тамак-аш жеткирүү кызматы;
- колдонулбаган жазылуулар.
Кирешеңиздин 5-10% каякка короп жатканын көрүү үчүн бир айга чыгашаларыңызды чынчылдык менен жазып коюу жетиштүү – бул көп учурда келечектеги үнөмдөөгө жол берет.
6-кадам. Каржылык максаттарды коюу
Бир жылга оптималдуу структура:
- Коргоо максаты;
- Каржылык коопсуздук 3-6 айга.
Ошону менен катар өз мүмкүнчүлүктөрдү ачык баалоону унутпашыбыз керек.
- Өнүктүрүү максаты: Билим берүү, кесиптик жактан өсүү, эмгек куралдары.
- Жеке максат: Саякат, ири сатып алуу, маанилүү окуя.
Бул баланс үнөмдөөлөрдөн «күйүп кетүү» коркунучун азайтат жана финансылык планды ишке ашырууга жөндөмдүү кылат.
7-кадам. Өнүгүүгө көз салып, курсту тууралоо
Киреше жана жагдай өзгөрүшү мүмкүн. Чейрек сайын бир жолу өзүңүзгө үч суроо берип туруу пайдалуу:
- мен максатты көздөй бартамбы;
- максатым актуалдуулугун жоготкон жокпу;
- сумманы же шарттарын оңдоо керекпи.
Оңдоону киргизүү - жеңилүү эмес, башкаруу.
2026-жылдын башкы эрежеси
Финансылык максаттар дисциплинага түшкөн адамдар үчүн эле эмес, аны ырааттуу аткарган адамдар үчүн иштейт.
Эгерде, максаттар туура коюлса, 2026-жыл сиз акчага эмес акча сиз үчүн иштей баштаган жыл болушу мүмкүн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.