Акыркы 200 жыл ичиндеги инвестициянын эң кирешелүү түрү: алтын эмес, доллар эмес ...

Deutsche Bank”тын «Long-Term Asset Return Study» аталышындагы изилдөөсү акыркы 200 жылда башкаларга караганда көбүрөөк киреше алып келген инвестициянын түрү жөнүндө болмокчу.

Акыркы 200 жыл ичиндеги инвестициянын эң кирешелүү түрү: алтын эмес, доллар эмес ...
Иллюстрациялык сүрөт

Изилдөөдө, анын аталышын «Активдердин узак мөөнөттүү кирешеси» деп которууга болот, авторлор (XIX кылымдан баштап) 200 жылдык мөөнөттү камтыган 50дөн ашык өлкөдөн алынган маалыматтарды талдайт: эгерде инвестицияларды узак мөөнөт бою сактаса, эң жогорку кирешени - акциялар берет, алтын, накталай акчалар жана облигациялар эмес.

Төмөндө изилдөөдөгү негизги көрсөткүчтөр:

  • Орточо алганда, акциялар (компаниялардагы үлүш) инфляциядан кийинки 4,9% жылдык кирешени камсыздаган.
  • Мамлекеттик облигациялар - жылына 2,6%га жакын.
  • Алтын - болгону 0,4% жылдык киреше алган.
  • Накталай акчалар убакыттын өтүшү менен сатып алуучу жөндөмдүүлүгүн жоготуп - жылына 2%га чейин төмөндөгөн.

Изилдөө баса белгилегендей: акциялар кыска мөөнөттө чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгону менен, узак мөөнөттө бардык башка инструменттерди артта калтырган.

Эмне себептен акциялар жеңишке жеткен

Deutsche Bank экономисттери акциялар инфляция учурунда өзгөчө натыйжалуу болорун белгилешет. Эгерде баалардын өсүшү жылына 9%га жетсе да, акциялар реалдуу кирешени бере берет. Мындан тышкары, акциялар экономика, компаниялардын кирешеси, технологиялык жана институционалдык өнүгүү менен байланышкан, демек алар кирешенин күчтүү кыймылдаткычы болуп саналат.

Башка активдер артта калууда

Алтын. Эки кылым ичинде алтындын орточо кирешеси жылына 0,4% болгон. Бирок 1971-жылы алтын стандарты алынып салынгандан кийин алтындын кирешеси жылына ~4,7%га көтөрүлгөн, ал эми 1999-жылдан кийин ~7,4%га жеткен. Соңку убакта алтынга болгон кызыгуунун жогорулашы менен, аналитиктер келечекте анын орточо көрсөткүчүнөн жогору болорун күтпөө керек деп эскертишет.

Накталай акча. Накталай акчаны инвестициялабай сактоо узак мөөнөттүү өсүү үчүн кооптуу стратегия болуп эсептелет, анткени инфляция акырындык менен сатып алуучу жөндөмдүүлүктү төмөндөтөт. Изилдөө көрсөткөндөй, жүздөгөн жылдар бою накталай акча дайыма артта калып келген. Ошондуктан акчаларды кеминде банктык депозитке салуу сунушталат.

Облигациялар. Негизинен алар «коопсуз» актив катары саналганына карабастан, акцияларга салыштырмалуу узак мөөнөттүү кирешелерде кыйла төмөн. Мындан тышкары облигациялардын кирешеси пайыздык чендерге, инфляцияга жана экономиканын абалына байланыштуу.

Бул Кыргызстандагы инвестор үчүн кандай мааниге ээ?

Кыргызстандагы окурман үчүн маанилүү нерсе - бул изилдөө глобалдык мааниге ээ экенин түшүнүү, Deutsche Bank”тын «Long-Term Asset Return Study» отчету - 56 өлкө жана ар кандай валюталар, инфляция режими, экономикалык өнүгүүнүн ар түрдүү деңгээлдерин камтыйт. Бирок негизги жыйынтык ушул бойдон калат: эгерде максат – капиталдын узак мөөнөттүк өсүшү болсо, накталай каражаттарды же металлдарды акча табуу максатында сактап коюу эффективдүү жол эмес.

Эгер сиз 10-20 жылга жана андан ашык мөөнөткө инвестиция салууну ойлосоңуз, анда үлүштүк активдерди (акциялар же фонддор) портфелиңиздин негизги бөлүгү катары кошуу акылга сыярлык. Бирок бул жерде да тобокелдиктерди түшүнүү керек, анткени акциялар чоң өсүү бериши мүмкүн, бирок олуттуу төмөндөөлөр да болушу мүмкүн. Эксперттер ар дайым салымдарды диверсификациялоо боюнча кеңеш беришет.

Изилдөөдөгү чектөөлөр жана «акылдуу эскертүүлөр»

Deutsche Bank отчетунда да эскертүү бар экенин баса белгилей кетүү ашыкча болбос: "өткөн кирешелүүлүк келечектеги кирешеге кепилдик бербейт». Бирок, банктын 200 жылдык изилдөөсүнө ар кандай рыноктордун өнүгүүсү төмөн, сооданын ачык-айкындуулугу аз болгон мезгил киргенин эстен чыгарбоо керек, бул статистиканын тактыгына шек келтириши мүмкүн. Ошондой эле, дүйнөлүк геосаясат азыр өтө туруксуз, бул дагы кирешелүүлүк көрсөткүчтөрүнө таасир тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, отчетто убакыттын айрым бөлүктөрүндө (мисалы, 20-25 жыл) акциялар убактылуу артта калышы мүмкүн экени айтылат.

Акыры кандай чечимге келебиз?

Биз пайыздык чендер тарыхый стандарттар боюнча төмөн бойдон калып, инфляция жана геосаясий тобокелдиктер жогору болуп, компаниялардын жана технологиялардын түзүмү кескин өзгөрүп жаткан доордо жашап жатабыз. Бул шарттарда, Deutsche эксперттик баалоосуна ылайык, өткөн жана орточо кирешени кайталоо мүмкүнчүлүгү төмөн болушу мүмкүн.

Бирок, негизги принцип: узак горизонт + экономикалык өсүшкө катышуу = күчтүү кыймылдаткыч.

Важно: Этa cтaтья нe являeтcя инвecтициoнным coвeтoм.
Читaтeль caмocтoятeльнo нecет пoлную oтвeтcтвeннocть зa любыe дeйcтвия, coвepшaeмыe им нa ocнoвaнии инфopмaции, пoлучeннoй нa нaшeм caйтe. Пpиoбpeтeниe выcoкopиcкoвaнныx aктивoв cвязaнo c дoпoлнитeльными pиcкaми.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.