Узап бараткан 2025 - Banks.kg үчүн трансформация жылы. Алдыда – дагы көп!

Жакында биз 2025-жылды узатып, жаңы 2026-жылды тосуп алабыз. Декабрь айынын соңунда аткарылган иштерди тизмектеп, жаңы максаттарды коюу көпчүлүктүн салты. Banks.kg порталы да сүйүктүү окурмандарына жетишкендиктери тууралуу учкай айтып, алдыдады пландары менен бөлүшүүнү туура көрдү.

Узап бараткан 2025 - Banks.kg үчүн трансформация жылы. Алдыда – дагы көп!

Биздин жаңылануу жылыбыз

2025-жыл Banks.kg порталы үчүн активдүү өзгөрүүлөрдүн, өсүүнүн жана Кыргызстандын финансы секторунун медиа мейкиндигинде позициясын бекемдөөнүн жылы болду. Жыл ичинде редакция жаңылыктарды, маектерди, аналитикалык материалдарды жарыялады, ал эми ишеп чыгуучулар командасы сайттын сервисин жакшыртуунун үстүндө талыкпай иштешти. Эми банктык өнүмдөргө арыз берүү, кредиттердин, депозиттердин же карталардын чендери жана шарттары жөнүндө маалымат издөө биздин окурмандар үчүн бир топ ыңгайлуу болуп калды. 

Долбоордун контент-менеджерлери биздин колдонуучулар ар дайым эң актуалдуу, ишенимдүү жана текшерилген так маалыматтарды гана алышы үчүн банктык өнүмдөр жана финансылык уюмдар базасындагы бардык маалыматтарды жаңылоо жана актуалдаштыруу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүштү.

Биздин Banks.kg порталындагы материалдар жана маалыматтар   жеткиликтүү гана эмес ар бир окурманга түшүнүктүү болушу үчүн бар күчүбүздү жумшадык. Дал ошол себептүү биз порталга кыргыз тилин киргиздик.    

Бардык мазмун, анын ичинде банктардын продукт карталары которулуп жана ылайыкташтырылган, бул биздин аудиторияны кеңейтип, республика боюнча окурмандар менен байланышты бекемдейт деп ишенебиз.

Редакциянын командасы ар дайым профессионалдык журналистиканын принциптерин карманып келген жана карманат: фактылар, булактарды текшерүү жана объективдүүлүк биздин ишибиздин негизи болуп саналат. Биз колдонуучуларга кам көрүү, этика жана ишибиздин сапаты окурмандардын жана өнөктөштөрүбүздүн ишенимин бекемдейт деп ишенебиз.

Өтүп бара жаткан жыл биз үчүн бир катар иш-чараларга жана долбоорлорго активдүү катышуу мезгили болду. Мисалы, долбоордун командасы үстүбүздөгү жылдын жазында КРнын Улуттук банкынын Глобалдык акча жумалыгы кампаниясына, ал эми күзүндө Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө катышты, банктык финансылык форумдар, конференциялар, тренингдер жана башка көптөгөн иш-чаралар чагылдырды.

Көп иш аткарылды – дагы да аткарабыз!

Биздин пландарыбыз боюнча, долбоор үчүн кийинки жыл дагы жемиштүү болот. Иштеп чыгуучулар командасы сайт менен иштөөнү дагы да ыңгайлуу кыла турган жаңы куралдардын жана функционалдуулуктун үстүндө иштеп башташты: билдирүүлөр, көбүрөөк пайдалуу маалыматтар. Биз колдонуучулар үчүн да, өнөктөштөрүбүз үчүн да - банктар, МФУ секторундагы компаниялар жана башка каржы уюмдары үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү пландаштыруудабыз.

2026-жылы биз рынокту камтууну кеңейтип, Banks.kg менен кызматташкан компаниялардын санын көбөйтүүнү, жаңы продукт жана кызмат категорияларын кошууну, ошондой эле аналитикалык блокту күчөтүүнү көздөп жатабыз. Колдонуучулар ишенимдүү жана объективдүү маалыматтардын негизинде финансылык чечимдерди кабыл алышы үчүн рейтингдердин жана салыштырма серептердин сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат.

Биз сүйүктүү окурмандарыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө кызыгуусу, катышуусу жана пикири үчүн ыраазычылык билдиребиз. Дал ошол сиздер менен болгон кайтарым байланыш ишибизди маңыздуу жана маанилүү кылат. Сиздин пикириңиз - биздин туура багытта бара жатканыбыздын белгиси.Келе жаткан 2026-жыл жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, финансылык ишенимдин жана максаттарыңызга карай умтулуунун жылы болсун. Сиздерге туруктуулукту, бакубаттуулукту жана ийгиликтерди каалайбыз.

Жаңы жылыңыздар менен!

Banks.kg редакциясы 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.