Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«КФ» ААКсы ишкерлерге 3,8 миллиард сомдук насыя алууга мүмкүнчүлүк түздү

«КФ» ААКсы ишкерлерди колдоону улантып, күрөө жетишсиз болгон учурда да каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда.

«КФ» ААКсы ишкерлерге 3,8 миллиард сомдук насыя алууга мүмкүнчүлүк түздү
Фото: www

2026-жылдын башынан тартып 13-апрелге карата фонд 1,07 млрд сомдон ашык суммада кепилдиктер берилди. Мунун аркасында ишкерлер 3,8 млрд сомдон ашык көлөмдө насыя каражаттарын тарта алышты.

Ишмердүүлүк жүргүзгөн мезгил ичинде «КФ» ААКсы жалпы суммасы 18,9 млрд сомдон ашкан 21 317 кепилдик берген. Натыйжада ишкерлер 57,9 млрд сомдон ашык көлөмдө насыя ресурстарына жетишти.

Кепилдик механизми банктык каржылоону алууда күрөө жетишсиз болгон ишкерлер үчүн негизги инструменттердин бири бойдон калууда.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.