Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Тизме аймактык салык органдарына ал расмий жарыяланган учурдан тартып 30 күн өткөндөн кийин юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берет.
Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар, негиздери болсо же суроолору пайда болсо, салык органдарына мажбурлап жоюу же каттоодон чыгаруу жол-жобосун токтотуу боюнча арыз менен кайрыла алышат.
Салык төлөөчүлөр тизмени Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынын башкы бетиндеги “Башка бөлүмдөр” бөлүмүнөн же бул шилтемени басуу аркылуу көрө алышат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.