Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалым болгондой, карыздарды өндүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу салык карыздары менен системалуу иштөөнүн жана аналитикалык ишти күчөтүүнүн натыйжасында ишке ашты.
Мындан тышкары, 97 миң 169 субъекттин салыктык карызы эсептен чыгарылды.
Аталган кызмат билдиргендей, салыктарды жыйноодо санариптик куралдар жана онлайн-кызматтар олуттуу салым кошкон:
- салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн онлайн-төлөө;
- башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен салыктык маалымат системасын интеграциялоо;
- салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн билдирүү;
- жарандарга салык карызы бар экендиги тууралуу СМС-билдирүү жөнөтүү.
МСКнын маалыматы боюнча, процесстерди санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү автоматташтыруу салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги багыттары бойдон калууда.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.