Эмнеге айлык көбөйсө деле байып кетпейбиз: жашоо образынын инфляциясы

Киреше канчалык көбөйсө деле, айдын аягында түгөнүп, жетпей баштайт. Буга Кыргызстандагы жалпы инфляция таасирин тийгизип, бюджетти акырындан солгундатат.

Эмнеге айлык көбөйсө деле байып кетпейбиз: жашоо образынын инфляциясы

Кыргызстандын көпчүлүк жашоочулары байкап жатышат: киреше акырындан көбөйүп жатат, бирок каржылык жыргалчылык эмнегедир жок. Ал гана эмес, акча баштагыдан да бат түгөнүп, тартыштык башталат. Мунун бирден бир себеби жашоо образынын инфляциясы болуп саналат. 

Жашоо образынын инфляциясы – кирешелердин өсүшү автоматтык түрдө чыгашалардын өсүшүнө алып келген кырдаал.

Мындай учурда айлык акынын жогорулашы, сый акы же кошумча киреше сейрек учурда гана сактоого мүмкүн болуп, көпчүлүк учурда тескерисинче, күнүмдүк жашоо стандарттарын жакшыртууга жумшалат: жаңы телефон, такси кызматын пайдалануу, кафе, жазылуулар жана ар кандай кызматтарга коротулат.

Ооба, жалпы инфляция айлык акынын үзгүлтүксүз жогорулашына карабастан Кыргызстандын жарандарынын материалдык абалынын төмөндөшүнө салым кошууда. Бирок көп нерсе адамдардын өзүнөн көз каранды болот.

Санариптик кызматтардын, онлайн насыялардын жана банктык тиркемелердин өнүгүшү биздин чыгымдарыбызды билгизбей көбөйтөт. Бир баскычты басуу менен сатып алуу накталай акча тапшырганга караганда психологиялык жактан оңой, ошондуктан чыгымдар тезирээк өсөт.

Алардын кредиттик өндүрүмдөрүнүн  жеткиликтүүлүгү да чоң роль ойнойт. Керектөө насыялары, кредиттик карталар жана бөлүп төлөө пландары көбүнчө бир жолку муктаждыктар үчүн эмес, кадимки жашоонун чыгымдарын жабуу үчүн колдонулат. Натыйжада, кээ бир адамдар кирешесинин бир бөлүгүн карызды төлөөгө жумшашат. Ошентип, алар расмий түрдө көбүрөөк акча тапканы менен бирок алардын каржылык эркиндиги азаят.

Жашоо образынын инфляциясы кооптуу, анткени ал туруктуулуктун элесин жаратат. Кирешелердин көбөйүп жатканындыктан, алгач көйгөйлөр байкалбайт, бирок кандайдыр бир үзгүлтүккө учуроо — жумушун жоготуу, кирешенин азайышы, баалардын өсүшү же пайыздык чендердин жогорулашы — финансылык жүктүн оор экенин сездирет. 

Адистер коргоонун негизги куралы – бул аң-сезимдүү каржылык жүрүм-турум экенин белгилешет.

Жашоо образынын инфляция тузагынан сактануу үчүн эң мыкты 7 кеңеш

1. Көбөйгөн кирешеңиздин бардыгын бир убакта коротпоңуз

Айлык акынын көбөйгөнү, бул кошумча акчанын баардыгын жаңы чыгашаларга жумшоо керек дегенди билдирбейт. Жакшы эреже - кирешеңизди кеминде 30%ын үнөмдөө же карызды төлөө үчүн колдонуу.

2. Аз, бирок кайталануучу чыгымдарга көз салыңыз

Кофе, жеткирүү кызматтары, жазылуулар жана такси буларга майда каражат корогону менен бирок алар биригип бюджетиңиздин олуттуу бөлүгүн жеп коюшу мүмкүн.

3. Насыя алууда этият болуңуз

Бөлүп төлөө жана кредиттик карталар жеткиликтүүлүк сезимин жаратат, бирок алар иш жүзүндө бүгүнкү чыгымдарды эртеңкиге түртүшөт.

4. Жашоо деңгээлиңизди кечиктирүү менен жогорулатыңыз.

Психологдор кирешенин көбөйүшү менен чыгашанын көбөйүшүнүн ортосунда жок дегенде эки-үч ай тыныгууну сунушташат. Бул жаңы сатып алуу чындап эле керекпи же жокпу түшүнүүгө жардам берет.

5. Жетишкен жашоонун элесин эмес, каржылык жаздык түзүңүз

Үнөмдөө маанилүү, мисалы 3-6 айлык чыгымдарды камтыган коопсуздук жаздыгы стресстен коргойт жана кыйынчылыктын биринчи белгисинде эле насыя алуудан сактайт.

6. Өзүңүздүн жашоо образыңызды башкалардыкы менен салыштырбаңыз

Социалык таомактар жашоо образынын инфляциясын күчөтөт: «бардыгы көп нерсе кылып» жаткандай сезилет. Бирок, көп учурда башкалардын коротуулары карыздар менен каржыланат. 

7. Банктарды азгырык булагы эмес, курал катары колдонуңуз

Колдонмолор жана бир заматта берген төлөмдөр жашоону жеңилдетет, бирок сарптоолорду көзөмөлдөөнү азайтат. Аны сарптоо канчалык оңой болсо, эстүү болуу ошончолук маанилүү. Бюджеттик колдонмолордун жардамы менен чыгашаларыңызга көз салып, төлөм чектөөлөрүн коюңуз.

Жашоо образынын инфляциясы - жакырчылык же байлык эмес. Бул адаттар. Дал ушул адаттар кирешенин өсүүсү туруктуулукка алып келерин же финансылык чыңалуунун жаңы айлампасына алып келерин аныктайт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.