Салыктык чегерүүлөрдү кантип алууга болот: документтердин тизмеси

Социалдык чегерүү деген эмне жана салыктык чегерүүлөрдү тариздөө үчүн жарандар кандай документтерди тапшырышы керек.

Салыктык чегерүүлөрдү кантип алууга болот: документтердин тизмеси
Иллюстрациялык сүрөт

Социалдык чегерүүнү салык төлөөчүнүн өзүнө же анын багуусундагы 24 жашка чейинки адамдардын билим алуусуна алса болот. Талаптар берүү ыкмасына жараша айырмаланат — маалыматтык системалар же салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу.

Салыктык чегерүүлөргө болгон арыздын үлгүсүн Мамлекеттик салык кызматынын сайтынан көчүрүп алса болот.

Социалдык чегерүү үчүн кандай документтер керектелет

Эгер маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу болбосо, салык төлөөчү төмөнкү документтерди берет:

  • (DOC STI-191) үлгүсүндөгү арыз;
  • билим берүү мекемеси менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
  • ырасталган төлөм документтери;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • (салык төлөөчүнүн жана жубайынын/жолдошунун – эгер бар болсо) паспорттору;
  • нике же ажырашуу күбөлүгү;
  • иштеген жеринен маалымкат (DOC STI-161 үлгүсүндө);
  • үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;
  • зарыл учурда – кайрылман статусу же жашоого уруксат жөнүндө документтер керектелет.

Эгерде арыз салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу берилсе, айрым маалыматтар «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу автоматтык түрдө алынат. Бул учурда жаран жетишпеген маалыматтарды толтуруп, окуу келишими жана төлөм документтери сыяктуу тастыктоочу документтердин сканерден өткөн көчүрмөлөрүн тиркөө керек. 

Мүлктү чегерүү үчүн кандай документтер керек

Мүлктүк чегерүүнүн максималдуу суммасы жылына 230 миң сомдон ашык болбойт жана ипотекалык кредит боюнча пайыздарды төлөөгө багытталган каражаттардын өлчөмүндө берилет.

Ал үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: 

  • бекитилген үлгү боюнча арыз;
  • салык төлөөчүнүн паспорту;
  • ипотека, үй насыясы жана ислам каржылоосу боюнча ижара келишими;
  • төлөм документтери;
  • банктан насыя жана пайыз тууралуу маалымкат;
  • тийиштүү жыл үчүн иштеген жеринен маалымкат;
  • зарыл болгон учурда  – кайрылман статусу же жашоого уруксат жөнүндө документтер керектелет.

Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу тапшырууда кээ бир маалыматтар автоматтык түрдө «Түндүк» аркылуу да кабыл алынат. Өтүнмө ээси негизги документтердин, анын ичинде кредиттик келишимдин, төлөм документтеринин жана банктык көчүрмөлөрдүн сканерленген көчүрмөлөрүн гана тиркөө керек.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.