Курс USD 87.30 / 87.80
Курс EUR 94.84 / 95.82
Курс RUB 0.995 / 1.032
Курс KZT 0.120 / 0.192
USD USD
87.30 / 87.80
EUR EUR
94.84 / 95.82
RUB RUB
0.995 / 1.032
KZT KZT
0.120 / 0.192

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен QR-код төлөмдөр боюнча Кыргызстандын банктары алдыда

Мобилдик телефон аркылуу QR-код колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды андан ары өнүктүрүү тууралуу КР Улуттук банкынан айтып беришти.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен QR-код төлөмдөр боюнча Кыргызстандын банктары алдыда

QR-код-бул эки өлчөмдүү штрих-код, ал товарлар, кызматтар үчүн төлөмдү жүргүзүү, же акча которуу үчүн зарыл болгон төлөм жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

QR - кодду колдонуунун артыкчылыктары:

  • төлөмдү жүргүзүүдө жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук;
  • төлөм жүргүзүү үчүн смартфон болушу жетиштүү;
  • кызматтын «24/7» режиминде жеткиликтүүлүгү;
  • акча каражаттарын онлайн эсепке которуу.

Керектөөчүлөрдүн QR-кодун колдонуудагы ыңгайлуулук максатында жана Кыргыз Республикасында бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында 2022-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз ара иш алып баруу оператору, банктар жана мобилдик тиркемелери бар Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдары менен бирге улуттук стандарттагы QR-кодун колдонуу менен төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо (интероперабелдүүлүк) ишин аяктаган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы QR-коддордун жардамы менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча система аралык интеграцияны камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүү жагынан Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн арасында банк секторунда алдыңкы позицияны ээлейт.

Ошентип, QR-кодду колдонуунун актуалдуулугун 1-графикте көрсөтүлгөндөй көрүүгө болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, жеке ишкерлер жана/же юридикалык жактар, ишмердүүлүктү жүзөгө ашырган учурда, банк төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана Улуттук стандарттындагы QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды (программдык-техникалык түзүлүштү) орнотууга жана колдонууга милдеттүү.

Ошондой эле, Улуттук банкы QR-кодду масштабдуу жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада, каалаган мобилдик банк тиркемесинен төлөмдү кабыл алуу үчүн соода-сервистик ишканаларында улуттук стандартындагы QR-коддорду орнотулгандыгы боюнча республикада бир катар жайылтуу мониторингдерди жүргүзүүдө.

Ознакомиться с этим материалом на русском языке можно по ссылке

Фото: Forbes 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.