Маалыматка ылайык, европалык өнөктөштөр менен туруктуу диалог жүргүзүлүп, бардык керектүү маалыматтар берилгенине карабастан, кыргыз тараптын позициясы эске алынган эмес.
Министрлик ЕБдин бул чечими Борбордук Азия менен кызматташууну чыңдоо боюнча мурда жарыяланган пландарга карама-каршы келерин белгиледи.
Кыргызстан Евробиримдикти өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен конструктивдүү диалогго чакырды.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы эл аралык санкциялар жана алардын Кыргызстанга тийгизген таасири боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.