Маалыматка ылайык, мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенине байланыштуу салыктарды эсептөө тартиби, алардын ставкалары өзгөртүлдү.
Ошондой эле калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүү жокко чыгарылды.
«Турак жай мүлкү» жана «турак эмес мүлк объектиси» деген - жаңы түшүнүктөр киргизилди. Бул мүлк салыктарынын түрлөрүн төмөнкү үч түргө чейин кыскартууга мүмкүндүк берет:
- Турак жай мүлк объектисине салынуучу салык — эки объект боюнча салыкты эсептөөнү камтыйт: турак жай имараты жана короо жай же багбанчылык-огороддук жер участогу;
- Турак эмес мүлк объектисине салык — калктуу конуштардын турак эмес имараты, курулушу жана жер участогу жана айыл чарба багытында эмес салык эсептөөнү камтыйт;
- Айыл чарба жерлерине тиешелүү жер салыгы.
Мындан тышкары, салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, пенсионерлерге үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторуна жеңилдиктер берилет.

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.