Манас шаарында жылына 150 пайыз үстөк менен насыя берген аял кармалды

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында аял тарабынан уюштурулган мыйзамсыз сүткордук иши аныкталды.

Манас шаарында жылына 150 пайыз үстөк менен насыя берген аял кармалды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, А.Э.С. аттуу кыргыз жараны үйүнөн «черный ломбард» деп аталган жайды иштетип, жылына 150 пайыздан ашык үстөк менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ошондой эле баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар менен күрөөгө коюлган акчалай насыяларды берип турган.

Тактап айтканда, Ш.К.У. аттуу кыргыз жараны аталган аялдан 1 миллион сом карыз алып, ай сайын 150 000 сом пайыз төлөп турган факты аныкталган. Карызды төлөө мезгилинде шектүү бир нече жолу анын мүлкүн опузалап, кечиктирилген пайыздарды төлөп берүүнү талап кылып, унаасын тартып алган. 

2026-жылдын 4-февралында А.Э.С. 200 000 сом пайыз алып жатканда пара менен кармалган. Жашаган жерин тинтүү учурунда кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорттору, өздүгүн тастыктаган күбөлүктөр, жер тилкелерине жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик документтер, күрөөгө коюлган зер буюмдар жана башкалар табылган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү күнөөсүн моюнга алган көрсөтмө берген. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда анын мыйзамсыз аракеттеринин жабырлануучуларын, ошондой эле башка карыз алуучуларды жана күрөөгө коюлган мүлктүн ээлерин аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин алынган күрөө мүлктөр УКМК тарабынан мыйзамдуу ээлерине кайтарылып берилет.

УКМК мыйзамсыз сүткорлук менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы кошумчаланды.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.