Иш-чаранын өнөктөшү катары MBANK катышып, банктын аялдардын ишкердигин колдоого жана өнүктүрүүгө болгон берилгендигин дагы бир жолу тастыктады.
Форум Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Россиядан келген аял ишкерлерди, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Иш-чаранын негизги максаты - аялдардын бизнесин өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, тажрыйба жана мыкты практикалар менен бөлүшүү болду. Форумдун алкагында пленардык жыйындар, B2B-сессиялар жана көргөзмө өткөрүлүп, анда катышуучулар өздөрүнүн товарлары менен кызматтарын тааныштырышты.
Форумда өзгөчө көңүл аялдардын бизнесдеги тең мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга жана тоскоолдуктарды жоюуга бурулду. Корпоративдик сегменттин санариптик өнүктүрүү департаментинин директору Алтынай Егембердиева өз сөзүндө мындай деди:
«Мен үчүн бүгүн мынчалык күчтүү жана шыктандырган аялдар коомчулугу алдында сөз сүйлөө чоң сыймык. Бардыбыз жакшы билебиз: аял жоопкерчилик алып, бизнес ачып, команда түзсө - бүтүндөй экономика, бүтүндөй коом утушка ээ болот. Биздин банктын кызматкерлеринин 61%дан ашыгы аялдар. Бул жөн гана сан эмес - бул аялдардын лидерлиги менен кесипкөйлүгү туруктуу өнүгүүнүн негизи экенинин далили».
Форумдун жүрүшүндө MBANK’тын ишкердикти жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан санариптик өнүмдөрү тааныштырылды. Атап айтканда, ишкерлерге эсеп ачууга, кредиттик арыз берүүгө жана банкка барбай туруп каржысын башкарууга мүмкүнчүлүк берген MBusiness мобилдик колдонмосу көрсөтүлдү. Ошондой эле кымбат кассалык аппараттардын ордуна, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууга шарт түзгөн MKassa чечими сунушталды.
Алтынай Егембердиева белгилегендей:
«Жакында биздин кардардын бири - Бишкектеги чакан нан бышыруучу жайдын ээси - MKassa аркылуу кымбат кассалык аппарат албастан эле карта жана QR аркылуу төлөмдөрдү кабыл ала баштады. Бул ага кардарларды көбүрөөк тартууга жардам берди. Ал эми Ош шаарындагы балдар үчүн кийим дүкөнүн иштеткен дагы бир ишкер айым MBusiness аркылуу бардык эсеп-кысапты жүргүзүп, онлайн-кредитти дагы банкка барбастан эле алды. Ал ар жумада сааттап убакыт үнөмдөп жатканын, эми ошол убакытты бизнесине жана үй-бүлөсүнө арнап жатканын айтты».
Аял ишкерлерди колдоонун жаңы деңгээли
Санариптик чечимдерден тышкары, MBANK аялдарга бизнестин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган демилгелерге активдүү катышууда. Банк ЕБРР демилгелеген WE Finance Code улуттук кодексине кошулуп, анын алкагында «Business Women» программасын ишке киргизди. Бул программа аялдарга бизнес ачууга жана өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттерди сунуштайт.
Мындан тышкары, MBANK Кыргызстанда Visa компаниясынын She’s Next глобалдык кампаниясынын жападан жалгыз банк өнөктөшү болду. Бул долбоор аялдарга билим берүү, каржылык колдоо жана жеңилдетилген насыялоо аркылуу өз долбоорлорун өнүктүрүүгө жардам берет.
Өз сөзүнүн жыйынтыгында Алтынай Егембердиева төмөнкүлөрдү кошумчалады:
«Канчалык көп аялдар өз идеяларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, өлкөбүздүн экономикасы ошончолук бекем болооруна ишенебиз.. Практика көрсөткөндөй, аялдар жоопкерчиликтүү карыз алуучулар, алар тартиптүү, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү стратегияларды курууну билишет. Биздин банк аялдар үчүн каржынын жана санариптик чечимдердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат».