Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.74 / 98.74
Курс RUB 1.072 / 1.105
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.74 / 98.74
RUB RUB
1.072 / 1.105
KZT KZT
0.117 / 0.187

МинКаб кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана аны каржылоого каршы чараларды күчөтүүнү сунуштады

Кылмыштуу ишти каржылоого жана андагы кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү бир катар ченемдик-укуктук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлер кабинети токтом долбоорун иштеп чыкты.
МинКаб кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана аны каржылоого каршы чараларды күчөтүүнү сунуштады

Каржы министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Минкаб эмне сунуштайт? 

«Кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо» түшүнүгү – эми терроризм, экстремизм, уюшкан кылмыштуу топторду жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну жана аны каржылоо түшүнүгүн камтыйт.

Нормалык актыларды жаңылоо – Финансылык чалгындоо кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө жоболорду, шектүү операцияларды токтотуунун тартибин, санкцияланган адамдардын тизмесин камтыган жети ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Мамлекеттик комиссиянын курамын кеңейтүү  – ага Башкы прокуратуранын жана эл аралык стандарттарга туура келген Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин өкүлдөрүн киргизүү сунушталууда.

Банктарга жана микрофинансылык уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү – ачыктык рейтингди киргизүү, комплаенс-контролдук талаптарды күчөтүү, текшерүүлөрдүн тизмеси кеңейтүү каралган.

Шектүү транзакцияларды токтотууну караштыруу - тобокелдиктер пайда болгон учурда операцияларды ишке ашырууга чейин аларды бөгөттөө тартиби киргизилет.

Тоңдурулган активдерди сактоо тартибин белгилөө - банктар тоңдурулган каражаттарды кантип сактоого милдеттүү экендиги жана кандай учурларда аларга кирүүгө уруксат берилгендиги так көрсөтүлөт.

Финансылык чалгындоо кызматынын мамлекеттик маалымат базаларына, анын ичинде Ички иштер министрлигине, Мамлекеттик салык кызматына, Юстиция министрлигине, Бажы жана сот тутумдарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.

Санкциялык тизмелерди жаңыртып - мунапыс алган, бирок мурда кылмыштуу финансылык ишмердүүлүккө күнөөлүү деп табылган адамдарды камтуу.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.