Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Иш берүүчүлөр кимдерди издеп жатат: суроо-талап жогору болгон кесиптердин тизмеси

1-майга карата Кыргызстанда 8248 бош жумуш оруну катталган. Эң чоң суроо-талап жумушчу адистиктерге байкалууда.

Иш берүүчүлөр кимдерди издеп жатат:  суроо-талап жогору болгон кесиптердин тизмеси
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. 

Учурда республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 60,2 миң адамга жетсе, алардын 38,7 миңи расмий түрдө жумушсуз макамын алган. Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 54 807 жаран кайрылган.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 4554 адам жумушка орноштурулган.

Жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн 2697 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлгөн.

Эмгек рыногунда өзгөчө талап кылынган кесиптердин катарына компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр, массажист, визажист, котормочу, 1С программасы боюнча тажрыйбалуу бухгалтер, тигүүчү, электр-газ ширетүүчү жана сантехник-слесарь кирет.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда сунушталган айлык акынын медианасы 44 миң 800 сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,3%га аз.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.