Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмышты каржылоого каршы аракеттенүү боюнча КРнын мыйзамдарына киргизилген негизги өзгөртүүлөр
КРнын Улуттук банкы «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Документ Улуттук банктын ЧУА талаптарына ылайык иштелип чыкты:
- «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына;
- ФАТФнын (Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу) эл аралык стандарттарына туура келет.
Түшүндүрмө берүүчү бөлүктө жазылгандай, 2025-жылдын 23-январында КРные «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө» КРнын «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) өзгөртүүлөр киргизилген, алардын негизгиси Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү системасын уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштукту каржылоого каршы аракеттенүү багыты боюнча толуктоо болуп саналат.
«Кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү» түшүнүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- террористтик ишти каржылоо;
- экстремисттик ишти каржылоо;
- массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоо;
«Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуулук улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирип, коомдук, экономикалык жана саясий туруктуулукту бузуп жаткандыгына байланыштуу киргизилген. Бул коркунуч анын трансулуттук мүнөзү, терроризм менен болгон финансылык байланышы жана коррупция аркылуу мамлекеттик жана экономикалык структураларга кирип кетүүсү менен күчөтүлөт», - деп жазылат токтомдо.
Мыйзамдын 26-беренесине ылайык, финансылык мекемелер жана финансылык эмес жактар накталай акча каражаттары менен болгон операциялар жөнүндө гана эмес, Министрлер кабинети тарабынан белгиленген босого суммасына барабар же андан ашкан суммадагы накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар жөнүндө да билдирүүгө милдеттүү.
Буга чейин накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органына суроо-талап боюнча берилип келген.
Мындан тышкары, токтом долбоору менен ФАТФтин эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү алкагында айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген.
Министрлер Кабинетине караштуу Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 2024-жылдын 13-июнунда Евразиялык тобунун (ЕАТ) мүчө мамлекеттерин өз ара баалоонун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоого даярдоо жана өткөрүү боюнча 2024–2026-жылдарга карата Стратегиялык иш-чаралар планы бекитилген.
Стратегиялык пландын 13-пунктуна ылайык, укуктук талдоонун жыйынтыгы боюнча, ПОД/ФТ бардык субъекттери ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка жетекчилик көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл.
«Кыргызстан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн, терроризмди каржылоодон жана уюшкан трансулуттук кылмыштуулуктун башка түрлөрүнөн алынган каражаттарды адалдоого каршы күрөшүүгө багытталган БУУнун бир катар эл аралык конвенцияларынын катышуучусу болуп саналат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык (1617, 2005-ж.), ФАТФтын сунуштары БУУга кирген мамлекеттер үчүн колдонууга милдеттүүболуп саналат», - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасы ЕАТнын мүчөсү болуп саналат, ал ФАТФтын сунуштамаларын региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ишке ашыруу боюнча түзүлгөн кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык кызматташтыктын формасы болуп саналат.
ЕАТнун өз ара баалоосунун биринчи раундунан Кыргыз Республикасы 2007-жылы, экинчи раундунан 2018-жылы өткөн.
Акча алмаштыруу жайларындагы ПФПД/ЛПД боюнча ички көзөмөл программасы
Мындан тышкары, токтом долбоору менен «Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо жаңы редакцияда бекитилүүсү сунушталууда.
Укуктук талдоонун жыйынтыгы боюнча, ПФДП/ЛПД бардык субъекттери ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка жетекчилик көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл.
Ички контроль программасы төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү болжолдойт:
- ПФПД/ЛПД процессте тартылган алмашуу бюросунун кызматкерлеринин ортосунда чечимдерди кабыл алуу.
- Алмашуу бюросу террористтик жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктерин аныктоого милдеттүү. Бул мониторинг жүргүзүү, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.
- Тиешелүү сектордо аныкталган тобокелдиктерди эске алган алмашуу бюросунунжетекчиси тарабынан бекитилген ички ченемдик документтердин болушу.
- Кардардын талаптагыдай текшерүүсүн жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- Кардардын идентификация, верификация жана бенефициардык менчик ээси.
- Ишенимдүү булактардан алынган документтерди жана маалыматтарды текшерүү.
- Ишкердик мамилелердин максаты жана мүнөзү жөнүндө маалымат алуу.
- Каражаттын жана мүлктүн булагын текшерүү.
- Кабыл алынган маалыматты документтештирүү жана сактоо.
5. Алмашуу бюросу милдеттүү түрдө отчет берүүгө тийиш болгон операцияларды, ошондой эле шектүү операцияларды аныктоого тийиш. Мында финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген критерийлерди жана алмашуу бюролорунун ишмердигинин мүнөздөмөлөрүн эске алуу зарыл.
6. Санкциялык тизмеге кирген адамдарга (Кыргыз Республикасынын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин консолидацияланган санкциялык тизмеси) карата операцияларды токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу зарыл.
7. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун же кардарларды тейлөөнү токтотуунун тартибин белгилөө.
8. Тобокелдиктери жогору кызматкерлердин (мисалы, кассирлердин) ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана алардын милдеттерин кызматтык нускамаларда чагылдыруу.
9. Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын бардык талаптарынын сакталышын камсыз кылуу.
Бул жана башка чаралар белгилүү бир алмашуу бюросунун конкреттүү кардар базасына жана тобокелдик деңгээлине ылайыкташтырылууга тийиш.
КРде алмашуу бюролорунда ички контролду уюштуруунун минималдуу талаптары боюнча кененирээк маалыматты бул шилтемеден таанышууга болот.