Мыйзам президенттин 2026-жылдын 11-июнундагы «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Документте салыктык жүктү азайтууга жана экономиканын айрым тармактарын колдоого багытталган бир катар өзгөртүүлөр каралган.
Креативдүү индустрия үчүн салык жеңилдиктери
5 жылдык мөөнөткө салык төлөөдөн төмөнкү категориялар бошотулат:
- IT тармагы;
- жасалма интеллект иштеп чыгуучулар;
- тиркеме иштеп чыгуучулар;
- чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер;
- стартаперлер;
- кино, видео жана телеберүү өндүрүшү менен алектенгендер;
- кабмин аныктаган башка креативдүү жана чыгармачылык багыттар.
Ошондой эле киреше салыгынын жеңилдетилген чени 5% өлчөмүндө, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12% өлчөмүндө белгиленет.
Коомдук тамактануу жайлары, сауна жана мончолор үчүн бирдиктүү салык ставкалары
Төмөнкү тармактар үчүн бирдиктүү салыктын чендери белгиленет:
- сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөндөр үчүн 8%дан 5%га чейин төмөндөтүлөт;
- коомдук тамактануу жайлары үчүн Бишкек жана Ош шаарларында 5%, ал эми өлкөнүн калган айматарында 3% өлчөмүндө белгиленет.
Мал чарба тармагын колдоо
Ири жана майда мүйуздүү малды экспорттогон салык төлөөчүлөр үчүн 2026-жылдын 1-январына чейин пайда болгон салыктык карыздын 97%, ошондой эле эсептелген туумдардын жана салыктык санкциялардын 100% эсептен чыгарылат. Жеңилдикти пайдалануу үчүн карыздын калган 3%ын төлөө зарыл.
Бул чара ата мекендик фермерлерди колдоого жана мал чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
Көмүр казуучу ишканаларды колдоо
Көмүр казуу ишмердүүлүгүн жүргузгөн ишкердик тармактарга 2026-жылдын 1-январына чейин эсептелген туумдар жана салыктык санкциялар негизги салыктык карыз толугу менен 2026-жылдын 31-декабрына чейин төлөнгөн шартта эсептен чыгарылат.
Бул ишканаларга өндүрүштү өнүктүрүүгө жана ички рынокту көмүр менен камсыз кылууга кошумча финансылык ресурстарды багыттоого мүмкүнчүлүк берет.
Тоо-кен казуучу жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн киреше салыгынын чендери
Алтын жана күмүш казып алуучу жана/же кайра иштетүүчү ишканалар үчүн эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен киреше салыгынын жогорулатылган чендери бекитилет.
Мүлк салыгы боюнча туумдардан бошотуу
Мамлекеттик кадастрдын маалыматтарынын негизинде мүлк салыгын автоматтык эсептөөнүн жаңы системасына өтүүгө байланыштуу, негизги карыз төлөнгөн шартта 2026-жылдагы салык мезгили үчүн эсептелген кыймылсыз мүлк салыгы боюнча туумдар эсептен чыгарылат.
Бул чара жарандарга жана ишкерлерге кыймылсыз мүлк обьекттери тууралуу маалыматтарды кошумча чыгымдарсыз тактоого мүмкүндүк берет.
Товардык калдыктар боюнча маалыматтарды оңдоо мүмкүнчүлүгү
Ишкерлерге 2025-жылдын 1-апрелине чейин салык органдарынын маалыматтык системаларына ашыкча киргизилген товарлар тууралуу маалыматтарды оңдоого мүмкүнчүлүк берилет.
Мындай маалыматтарды оңдоо, товарлардын сатылгандыгы тастыкталбаган учурда, автоматтык түрдө товарларды сатуу катары каралбайт жана кошумча салыктык милдеттенмелерди жаратпайт.
Салык органынын чечимин ыктыярдуу аткаруу мөөнөтүн узартуу
Текшерүүнүн жыйынтыгында кошумча эсептелген салыктарды, туумдарды жана санкцияларды төлөө мөөнөтү 30 календардык күндөн 90 календардык күнгө чейин узартылды. Бул бизнес үчүн олуттуу жеңилдик болуп саналат.
Ошондой эле мыйзамда борбордук аппарат менен аймактык салык органдарынын ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү каралган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.