Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Visa'да жаңы жетекчилик: Сергей Мартынчук 17 өлкөнүн улук вице-президенти болуп дайындалды

Санариптик төлөмдөр чөйрөсүндөгү дүйнөлүк лидер Visa Сергей Мартынчуктун компаниянын улук вице-президенти жана Украинадагы, Молдовадагы, Түштүк-Чыгыш Европадагы, Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы аймактык менеджери кызматына дайындалганын жарыялады.

Visa'да жаңы жетекчилик: Сергей Мартынчук 17 өлкөнүн улук вице-президенти болуп дайындалды
фото: Visa

Мартынчук 17 өлкөдө Visa-нын жалпы операциялык ишмердүүлүгүү жана анын стратегиясын ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп, Киевде иштейт.

Бул кызматта Сергей Мартынчук Visa-нын кошумча кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүндө (Value-Added Services) Visa жаңы глобалдык ролго өткөн жана жакында компаниянын башкы кеңсеси жайгашкан Сан-Франциско шаарына (АКШ) көчүп келген Кристина Дороштун ордуна келди. Мартынчук каржы мекемелери, соода ишканалары, технологиялык жана мамлекеттик өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле аймактагы санариптик төлөмдөрдү андан ары өнүктүрүүгө басым жасайт.

«Биз Сергейди Visa-да көргөнүбүзгө кубанычтабыз», - деди доктор Тарек Мухмуд (Tareq Muhmood), Борбордук жана Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча Visa-нын аймактык президенти. - Анын күчтүү технологиялык экспертизасы, аймактык лидерлик боюнча чоң тажрыйбасы жана ар кыл багыттагы командаларды натыйжалуу башкаруу билгичтиги биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү кыйла чыңдайт жана региондогу 17 өлкөдө кардарлар жана өнөктөштөр үчүн дагы көбүрөөк баалуулуктарды түзүүгө жардам берет».

Сергей Мартынчуктун аймакта 20 жылга жакын башкаруу тажрыйбасы бар жана буга чейин ал Cisco компаниясында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ал технологиялык трансформациялар чөйрөсүндөгү терең экспертизаны стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу жана командаларды башкаруудагы практикалык тажрыйба менен айкалыштырат. Мартынчук бизнестин өсүшүнө өбөлгө түзүп жана клиенттер, өнөктөштөр жана жөнгө салгычтар менен тыгыз мамилелерди куруу аркылуу масштабдуу уюмдарды жетектеген. Ал компьютердик илимдер жана каржы тармагында академиялык билимге ээ.

«Visa-га кошулуп, төлөм индустриясы өнүгүп жаткан чечүүчү мезгилде бир нече маанилүү рынокторду бириктирген аймакты жетектөө бул мен үчүн чоң сыймык», - деп комментарий берди Visa-нын улук вице-президенти жана Украинадагы, Молдовадагы, Түштүк-Чыгыш Европадагы, Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы аймактык менеджери Сергей Мартынчук. - Биздин командалар жана өнөктөштөр менен бирге биз керектөөчүлөр жана бизнес үчүн санариптик төлөмдөрдү андан ары өнүктүрөбүз, технологияларды, жогорку коопсуздук стандарттарын жана рыноктун муктаждыктарын терең түшүнүүнү айкалыштырган кошумча кызматтар жардамы менен акча которуу чечимдерин масштабдайбыз жана кардарларыбыздын өсүшүн колдойбуз».

Кыргызстанда Visa компаниясы заманбап, коопсуз жана инклюзивдик санариптик төлөмдөр экосистемасын өнүктүрүү үчүн 20 жылдан ашык убакыттан бери банктар, соода ишканалары жана мамлекеттик мекемелер менен кызматташып келет. Бул өнөктөштүктөрдүн аркасында Visa токенизация, биометрикалык төлөмдөр жана электрондук коммерция тармагында инновацияларды жайылтууну улантууда.

Visa жөнүндө маалымат

Visa - электрондук төлөмдөр индустриясынын дүйнөлүк лидери. Visa 200-дөн ашык өлкөдө жана аймактарда керектөөчүлөр, бизнес, каржы институттары жана өкмөттүк мекемелердин ортосундагы төлөм транзакцияларын иштеп чыгат. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.