Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, «Азаттык» медиасынын «Британ агенттиги арам акчаны адалдаган түйүн «Керемет Банкты» сатып алганын билдирди» деген макалага жооп берип, коомчулукка дагы түшүндүрдү.
Орунбековдун айтымында, батыш Кыргызстандын эки банкына «силер Орусиянын Сбербанкы менен кызматташып, алардын акчаларын «адалдап» берип жатасыңар» деген жалаа менен санкция киргизген.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Орусияда 1 миллионго жакын кыргызстандык-мигранттар иштеп жүрөт, алар күн сайын туугандарына миллиарддаган рубль акча каражаттарын ошол эле Сбербанк жана башка банктар аркылуу жөнөтүшөт. Бул рублдар Кыргызстанда конвертацияланып, мигранттардын туугандарына сом менен берилет. Рублдар болсо кайра эле Орусияга товар сатып алуу үчүн жөнөтүлөт.
«Кыргызстан Орусиядан нефть, газ, металл, буудай, азык-түлүк түрлөрүн, курулуш материалдарын сатып алат. Товарын саткан компаниялар акчаны кайсы дарекке котор десе, ошол дарекке жөнөтөбүз. Мигранттар жөнөткөн рублдарды Кыргызстан жеп койбойт да? Доллар, евро же сом менен жөнөтө албайбыз. Ошентип, келген рублдар экономикалык айланма аркылуу кайра Орусияга кетет. Бул кадимки эле товар-акча жүгүртүү. Бул агымдар Кыргызстандын экономикасы үчүн нормалдуу жана зарыл процесс», - деп билдирди Орунбеков.
Ал белгилегендей, банктарды айыптоо Кыргызстандын өнүгүп келе жаткан экономикасына бут тосуу деп айтса болот. Анын айтымында, Орусиянын банктары менен кызматташпай коюу өлкөнүн каржылык туруктуулугуна жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө түздөн-түз зыян келтириши мүмкүн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.