Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу: актуалдуу суроолорго жооп

100 миңге жакын кыргызстандык «Түндүк» тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюуну активдештирүү менен өз каражаттарын коопсуз кылышты. КРнын Улуттук банкы өзүнө-өзү тыюу салуу боюнча көп берилүүчү суроолорго жооп берди.

Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу: актуалдуу суроолорго жооп
Иллюстрациялык сүрөт

- Насыя алууда өзүнө-өзү тыюу деген эмне?

- Өзүнө-өзү тыюу салуу – бул жарандардын финансылык институттардан кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала чектөөнүн эркин жана ыктыярдуу мүмкүнчүлүгү.

— Аны каяктан жана кантип кылса болот?

— Жарандар электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы («Түндүк» мобилдик тиркемеси) аркылуу каалаган убакта өз алдынча жана акысыз түрдө насыяга тыюу салса же аталган тыюуну алып салса болот. «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу насыяга тыюу салуу үчүн колдонмодо аккаунтуңуз болушу керек.

- Кредиттке өзүнө-өзү тыюуну кантип туташтыруу керек?

- Ал үчүн «Түндүк» тиркемесине кирип, «Кредитке өзүнө-өзү тыюу» кызматын тандап, «Арыз тапшыруу» баскычын басып, кредиттик бюрону тандап, аракетти ырастаңыз. Коргоо дароо иштетилет.

— Кредитке болгон өзүнө-өзү тыюуну кантип алып салса болот? 

- Бул үчүн «Түндүк» тиркемесине кирип, «Кредит берүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу»кызматын тандап, кредиттик маалымат бюросун (КМБ) тандап, «Өзүнө-өзү тыюу салууну алып салуу» баскычын басуу керек. Алып салуу автоматтык түрдө 12 сааттан кийин ишке ашат. Мында кредит берүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу эки кредиттик бюро аркылуу коюлган болсо, анда аны жокко чыгаруу да эки бюродо тең жүргүзүлүшү керектигин эске алуу маанилүү. Эгерде эки бюронун биринде гана өчүрүлсө, өзүнө-өзү тыюу салуу күчүндө кала берет.

- Кредитке өзүнө-өзү тыюуну кантип жокко чыгарууга болот? 

- Өзүн-өзү тыюу салууну жокко чыгаруу: арыз бергенден кийин 12 сааттын ичинде кызматка кирип, «Арызды жокко чыгаруу» баскычын бассаңыз болот - коргоо активдүү бойдон калат.

- Эки кредиттик бюрого тең арыз тапшыруу керекпи? 

- Кредиттик бюролордун биринде эле тыюу салуу жетиштүү - «Ишеним» кредиттик бюросу же «Сэйф энд Саунд» ЖАК. Кааласаңыз, эки бюрого тең арыз тапшырсаңыз болот. Мындан ары бардык финансы-кредиттик мекемелер кредит берүүдөн мурда ушул эки кредиттик бюродон маалымат сурашы керек.

- Эгерде, шашылыш түрдө насыя алуу керек болуп калса, аталган механизм күчүнө киргенден кийин тыюу салууну алып салууга болобу? 

- Тыюу салуу дароо алынбайт, арыз берилгенден кийин 12 сааттан кийин алынат. Ушул убакыттын ичинде жаран алып салууну жокко чыгара алат жана коргоо активдүү бойдон калат. Мындай ыкма шашылыш чечимдердин алдын алат жана коопсуздук деңгээлин жогорулатат. Эгерде жаран механизмди иштетсе, бирок кийинчерээк ага тез арада насыя керек болуп калса, анда ал «Түндүк» тиркемеси аркылуу алып сала алат. Тиркемеге өткөндөн кийин, белгилүү бир чектелген убакытты күтүү керек. Бул мезгил адам ойлонушу, шылуундар берген маалыматты текшериши, ошондой эле башка маалыматтарды текшериши керек болгон убакыт деп эсептелет.

- Эгерде насыя активдүү тыюу салуу учурунда берилсе эмне болот? 

- Мындай келишим юридикалык жактан жараксыз деп табылат. Мында жаран анын милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү эмес, ал эми кредит берүүчү  каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылууга укугу жок жана жоопкерчиликти кредит берүүчү тартат. 

- Насыя бар болгон учурда өзүнө-өзү тыюу салуу механизмин кошууга болобу? 

- Учурдагы насыя болгон учурда, насыя берүүгө өзүн-өзү тыюу салууну орнотууга болот. Бул учурда механизмди иштетүү үчүнчү жактардын алдамчылык аракеттеринен коргоону камсыз кылат.

- Өзүнө-өзү тыюу салуунун кандай артыкчылыктары бар? 

- Биринчиден, бул кредиттик алдамчылыктан коргоо. Эгерде өзүнө-өзү тыюу салуу орнотулган болсо, анда эч бир кредиттик уюм жасалма же уурдалган паспорт менен дагы кредит бере албайт. Экинчиден, өзүнүн кредиттик профилин көзөмөлдөө. Эгер сиз чет өлкөгө кетип жатсаңыз, кредит алууну пландабасаңыз же паспортуңузду жоготуп алуу же жеке маалыматтардын ачыкка чыгып кетүү коркунучу бар болсо, өзүнө-өзү тыюу салууну орнотуу сунушталат. Үчүнчүдөн, юридикалык коргоо. Эгерде кредиттик уюм өзүнө-өзү тыюу салууну бузуп, кредит берсе, анда мындай келишим юридикалык жактан жараксыз деп табылат. Бузуу үчүн жоопкерчиликти кредиттик уюм өзү көтөрөт. Төртүнчүдөн, жол-жобосунун жөнөкөйлүгү. Кызмат акысыз жана «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу каалаган убакта жеткиликтүү.

- «Түндүк» тиркемеси аркылуу өзүнө-өзү тыюу салууну кошууга мүмкүн болбосо эмне кылуу керек? 

- Эгерде тиркемеде механизмди активдештирүү мүмкүн болбосо, анда тиркеменин акыркы версиясын жана интернет байланышынын туруктуулугун текшерүү сунушталат. Зарыл болсо, тиркемени жаңыртуу керек. Эгерде тиркемени жаңыртуудан кийин механизм активдешпесе, анда «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн режиминде кредиттик бюросуна кайрылсаңыз болот. Бул үчүн жеке кабинетке кирип, кредиттик бюросуна «өзүн-өзү тыюу салуу» кызматы активдешпей жаткандыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүү керек. Же болбосо кредиттерге өзүн-өзү тыюу салууну оффлайн режиминде орнотсоңуз болот. Бул үчүн кредиттик бюросуна барып, «өзүн-өзү тыюу салууну» активдештирүү жөнүндө арыз жазуу керек.

- Кредит алууга тыюу салуу мурунку жана учурдагы кредиттик тарыхка таасир этеби? 

- Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу мурунку же учурдагы кредиттик тарыхка таасир этпейт. 

- Кимдир бирөө мыйзамсыз түрдө өзүнө-өзү тыюу механизмин өчүрө алабы? 

- КРнын «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына ылайык, кредиттик маалыматтын колдонуучулары жана кредиттик маалыматтын субъекттери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө өз алдынча иш менен камсыз кылуу жөнүндө актуалдуу жана ишенимдүү маалыматты суроо-талап боюнча бериши керек. Механизмди өчүрүү жарандын телефону, сыр сөз жана коддору менен кошо шылуундардын колуна түшүп калган учурда мүмкүн.

Эскерте кетсек, КРнын Улуттук банкы жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн жаңы, өтө маанилүү механизм киргизди. Улуттук банк Башкармалыгынын 2025-жылдын 23-октябрындагы токтому менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган. 1-ноябрдан тарта жеке жактар кредиттик келишимдерди түзүүгө өз алдынча жана акысыз түрдө өзүнө тыюу сала же аны алып сала алышат.

Улуттук банк Башкармалыгынын «Кредиттик маалымат алмашуу жана кредиттик бүтүм түзүүгө өзүнө тыюу салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга 2025-жылдын сентябрь айынын башында чыгарылган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.