Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта насыяларга өзүнө-өзү тыюу салуу ишке киргизилет

КРнын Улуттук банкы жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн жаңы маанилүү механизмди киргизди. 1-ноябрдан баштап жеке тараптар өз алдынча жана акысыз түрдө кредиттик келишимдерди түзүүгө убактылуу тыюу салып же ал тыюуну алып салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта насыяларга өзүнө-өзү тыюу салуу ишке киргизилет

Бул тууралуу жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

КРнын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2025-жылдын 23-октябрында № 2025-П-12/55-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды. Документ КРнын Улуттук банкынын ЧУАнын «Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Кабыл алынган өзгөртүүлөр жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө жана кредиттөөнүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

«Банк кызматтарын сунуштаган жактар кредиттик келишим түзүүдө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө тууралуу маалыматты сурап алууга жана кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу болгон учурда кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга милдеттүү», - деп жазылат маалыматта. 

«Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобо төмөнкү мазмундагы 1.5-пункт менен толукталды: 

«Кредиттик бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу – жеке адамдын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык аны менен кредиттик келишим же акча каражаттарын жана (же) башка мүлктүкарызга берүү каралган башка келишим түзүүгө тыюу салуу жөнүндө өз алдынча эрк билдирүүсү». 

Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салууну алып салуу жеке адам тарабынан Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу же Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка ыкмада акысыз өз алдынча жүзөгө ашырылат. Белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу, ушул өзүнө-өзүтыюу салуу белгиленгенге чейин насыялык уюмдар менен түзүлгөн кредиттик келишимдерге карата кайтарым күчкө ээ эмес.

Кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат өзүнө-өзү тыюу салууну белгилеген насыялык маалымат субъектинин тандоосу боюнча насыялык бюролорго жөнөтүлөт. Кредиттик союздар кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (тыюу салууну алып салуу) жөнүндө маалыматты алуу максатында учурдагы насыялык бюролор менен системалар аралык интеграцияны камсыздайт.  

Өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү баштоо, узактыгы жана аяктоо мөөнөттөрүн аныктоо тартиби, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө формасы жана ага карата талаптар (тыюу салууну алып салуу) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринде белгиленген.»; 

Өзгөртүүлөр төмөнкү ЧУАна киргизилди:  

  • 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»;
  • 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 
  • 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 
  • 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 
  • 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөөбоюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

Документ менен толук түрдө бул шилтемени басып таанышсаңыз болот. Токтом 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Кредиттик бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга 2025-жылы сентябрь айында сунуштаган.