Курс USD 87.29 / 87.78
Курс EUR 99.38 / 100.38
Курс RUB 1.094 / 1.128
Курс KZT 0.117 / 0.188
USD USD
87.29 / 87.78
EUR EUR
99.38 / 100.38
RUB RUB
1.094 / 1.128
KZT KZT
0.117 / 0.188

Конвертке салынган маяна. Минкаб уруксат берилген учурларды тизмектеди

Министрлер кабинети эмгек акыны накталай төлөөгө уруксат берилген учурлардын тизмесин бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Конвертке салынган маяна. Минкаб уруксат берилген учурларды тизмектеди

Документ КРнын Эмгек кодексинин 91-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган жана айрым учурларда эмгек акыны банк аркылуу эмес, накталай төлөөгө уруксат берилген юридикалык жактардын – иш берүүчүлөрдүн иш тартибин жөнгө салат.

Кандай учурларда эмгек акыны накталай төлөөгө болот:

  • кызматкер иштеген аймакта банктык кызматтардын инфраструктурасы жок болгондо;
  • сезондук талаа жумуштарына кабыл алууда;
  • ишкананын банктык эсептери камакка алынганда;
  • турак жай ээлеринин шериктештиктеринин кызматкерлери (2026-жылдын 1-январына чейин);
  • айыл чарба кооперативдери.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, маянаны накталай төлөп жатканда иш берүүчүлөр салык мыйзамдарын сактоого жана кызматкерлердин эмгек укуктарын камсыз кылуу менен бардык зарыл эсептерди жүргүзүүгө милдеттүү.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.