Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга тийиш:
- ата мекендик уюмдар бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары;
- туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.
Ошондой эле, жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын 1-майга чейин тапшырууга тийиш.
Салык декларациясы Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө берилет.
Белгилей кетсек, декларацияда кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери, ошондой эле отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлүшү керек.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.