Павел Шуст: «Биз акча которуулар боюнча жаңы багыттар аркылуу каналдарды көбөйтүүгө аракет кылабыз»

30-майда Novotel Bishkek City Center мейманканасында Бишкек эл аралык каржы форуму - 2025 болуп өттү. BIFF-2025 он өлкөдөн 400дөн ашуун катышуучуларды чогултту. Алардын катарында жөнгө салуучу органдардын жана банктардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана талдоочулар бар.
REMIT PRIME Central Asia, IFAD программасынын аймактык координатору Павел Шуст BIFF-2025 пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.
«Бул менин төртүнчү же бешинчи BIFF иш-чарам, эмнегедир ар бир жолу провокация жараткан билдирүүлөр менен чыгып калам. Бул салтымды бузбоону чечтим. Кыскача REMIT PRIME долбоору тууралуу айтып берейин. Бул долбоорду Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) ишке ашырып жатат жана ал Европалык Комиссия менен Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Фонд төрт өлкөдө иш алып барат: Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан. Бизде үч негизги максат бар. Биринчи максат – акча которууларды санариптештирүү, бул жаатта Кыргызстанда көйгөй жок. Экинчи максат – адамдар акча которууларды алган учурда аны кыска мөөнөттүү керектөөгө эмес, инвестицияга, сактоого, кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшашы үчүн шарттарды түзүү. Үчүнчү жана маанилүүсү – биздин ишибиз адамдардын миграцияга кетпешине өбөлгө болушу керек. Өз үй-бүлөсүн таштап, физикалык жана эмоционалдык оор жумушта иштөө үчүн чет өлкөгө кубанып кетчү адам жок», – деди Павел Шуст.
REMIT PRIME программасы - Борбордук Азиядагы акча которуулардын өнүгүү таасирин жогорулатууга багытталган долбоор. Ал санариптештирүү, санариптик жана каржылык инклюзивдүүлүккө жана кайтып келген мигранттарга өзгөчө айыл жергесинде киреше алып келүүчү ишмердердүүлүккө шарт түзүү үчүн багытталган.
«Мен ишенем, бул жакка сиздер REMIT PRIME долбоорунун жарнамасы үчүн гана келген жоксуздар. Мен биздин кандай иштей турганыбыз тууралуу бир аз айтып берейин. Жакында мен Борбордук Азия, Чыгыш Европа жана Балкан өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын жолугушуусунда болдум. Ал жакта бизге суроо беришти: финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кантип жогорулатса болот, банктык эсептерге мүмкүнчүлүктү кантип кеңейтсе болот деп сурашты. Талкуу учурунда мен бир маанилүү нерсени түшүндүм: азыркы тапта шарттар кескин өзгөргөнү менен, биз дагы эле эски ыкмаларды колдонуп жатабыз. Биз бул ишти 10–15 жыл мурун баштаганда, статистика боюнча банктык эсептердин жеткиликтүүлүгү түз сызык сымал болчу. Эсептер жок эле — эркектерде да, аялдарда да, байларда да, кедейлерде да, билимдүүлөрдө да, билимсиздерде да. Азыр болсо, Кыргызстандын Улуттук банкы менен өкмөттүн аракеттеринин аркасында өлкөдө мыкты инфратүзүм, ыкчам төлөмдөр системасы жана жөнгө салуу боюнча эксперименттик шарттар түзүлгөн. Банктык эсептердин саны жана жеткиликтүүлүгү өсүп жатат. Быйыл июлдун ортосунда Дүйнөлүк банктын изилдөөсү чыгышы мүмкүн. Менимче, Борбор Азиядагы көптөгөн өлкөлөрдө банктык эсептердин жеткиликтүүлүгү 70–80% деңгээлге жетет», – деп билдирди эксперт.
Андан ары Павел Шуст көйгөй бар экендиги тууралуу билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда банктык эсептердин жеткиликтүүлүгү математиктер айткандай нормалдуу бөлүштүрүүнү элестетет, башкача айтканда — коңгуроонун формасына окшош. Бирок банктык жеткиликтүүлүк бардык адамдар үчүн болушу керек, тандалгандар үчүн гана эмес. Коңгуроонун үнү бардык тарапка тараган сыяктуу эле, банктык кызматтар да мүмкүн болушунча кеңири аудиторияны камтууга тийиш. Бул эмнени билдирет? Финансылык кызматтар калктын бардык катмарлары үчүн — кирешесине, жашаган жерине же социалдык абалына карабастан — жеткиликтүү болушу керек.
«Испанияда бир нече ай мурун блэкаут болгон. Сегиз саат бою электр жарыгы жана уюлдук байланыш болгон эмес. Теориялык жактан алып караганда, дүрбөлөң башталышы керек эле. Адамдар дүкөндөрдү өрттөп, банкоматтардан акча чыгара баштайт деп күтүлгөн. Бирок андай эч нерсе болгон жок, ал эми эртеси күнү электр жарыгы кайра берилип баштады. Бул эмнени билдирет? Демек, адамдар операциялык мүчүлүштүктөргө бир топ сабырдуу мамиле кылышат. Бирок дагы эле чакан «көйгөйлүү бөлүк» бар — бул калктын 10–15 пайызы. Бул топко жетүү 80 пайызга жеткенден кыйыныраак. Алар кимдер? Бул – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, айыл жергесинде жашагандар жана башка ушу сыяктуу калк катмарлары. Мисал келтирейин. Биздин региондогу көп өлкөлөрдө мамлекет жана жеке уюмдар мыйзам боюнча пенсия менен жөлөк пулдарды накталай эмес төлөөгө милдеттүү. Бул банктык эсептерге жана карталарга суроо-талап жаратат. Бирок кимдир бирөө Борбор Азияда мисалы, бул нерсе көзү азиз адамдарга кандай таасир эткенин изилдеп көрдү беле? Алардын жашоосу жакшырды беле, эгер аларга Брайль шрифти жок банктык карталар берилсе. Тилекке каршы, биз мындай изилдөөлөрдү жүргүзгөн эмеспиз. Азыр 2025-жыл, 2020 эмес. Бюджеттер да, мүмкүнчүлүктөр да өзгөрдү. Ошондуктан, мамиле да башкача болушу керек», – деп бөлүштү Павел Шуст.
Андан соң, эксперт жакынкы айларда REMIT PRIME долбоору Кыргызстандагы банктардын бири менен гранттык келишимге кол коюшу мүмкүн экенин айтты. Долбоор жаңы багыттар: Европа Биримдиги, Жакынкы Чыгыш жана башкалар менен байланышкан жаңы акча которуу каналдарын кеңейтүү үчүн иштейт.
«Менин башкы милдетим — чакан кум форматындагы эксперименттер менен долбоорлордун жыйынтыгында кандай ыкмалар иштей турганын, ал эми кайсылары иштебей турганын так аныктоо. Анан ошол тажрыйбаны мамлекет менен, жеке сектор жана эл аралык донорлор менен бөлүшүү. Биз үчүн да, жеке сектор үчүн да, «көйгөйлүү бөлүк» — калктын жетүү кыйын болгон 10–15 пайызын — кантип камтууну түшүнүү абдан маанилүү. Биз дал ушул багытта иштеп жатабыз», – деп жыйынтыктады Павел Шуст.
Эске салсак, 2024-жылдын февраль айында Санариптик финансы кызматтары боюнча эл аралык консультант, Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) адиси жана Электрондук акча жана акча которуулар рыногунун катышуучулары ассоциациясынын («АЭД») аткаруучу директору Павел Шуст «Digital Kyrgyzstan» эл аралык ПЛАС-Форумунда спикер болгон. Ал өз сөзүндө санариптик технологиялардын өнүгүшү менен финансы секторундагы монополияга алып келүүчү тенденциялар тууралуу айтып, мындай өзгөрүүлөр глобалдашуу жана ресурстардын концентрацияга алып келерин баса белгилеген.
Буга чейин Banks.kg порталы Эл аралык каржы корпорациясынын Борбордук Азиянын каржы сектору үчүн виртуалдык академиясынын алкагындагы вебинарга катышып, анда Павел Шуст CBDC темасында баяндама жасаган. Ал академиянын угуучуларына «кум доллар», эң «накталай акчасыз өлкөлөр», санариптик «чөнтөк» акчалар жана акчанын «түстүүлүгү» тууралуу айтып берген.
Маалымат үчүн:
* Коңгуроонун үнү маанилүү нерсеге көңүл бурат. Банктык кызматтарга жетүү экономикалык өнүгүүнүн жана социалдык туруктуулуктун негизги элементи болуп саналат. Адамдар финансылык инструменттерге ээ болгондо, алар аманат топтоп, насыя ала алышат жана кирешелерин натыйжалуу башкара алышат. Мунун баары алардын жыргалчылыгына өбөлгө түзөт.
Сүрөт: Кыргызстан банктарынын бирикмеси
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.