Эмнеге микрокредит берүүдөн баш тартышат: бизнеске болгон реалдуу талаптар

Микрокредиттер банк кредиттерине караганда жеткиликтүү көрүнөт, бирок ал баарына эле бериле бербейт. Биз микрофинансылык уюмдардын талаптарын жана алардын биринчи кезекте эмнеге маани берерин айтып беребиз.

Эмнеге микрокредит берүүдөн баш тартышат: бизнеске болгон реалдуу талаптар

Микрокредиттер чакан бизнести каржылоонун эң жеткиликтүү куралдарынын бири болуп саналат. Бирок, бул багытта да каржы институттары кылдаттык менен займ алуучуну баалап чыгышат. Баш тартуунун себептери көбүнчө формалдуулукка эмес, алдын ала эске алуу маанилүү болгон негизги критерийлерге байланыштуу.

Эң оболу, ишкердин иштеп жаткан бизнеси болушу керек. Мында өз алдынча иштегендерден баштап, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга чейинки ар кандай формаларга жол берилет. Кредитор үчүн иш жүзүндө иш алып барылып, киреше алып келиши маанилүү.

Негизги фактор төлөөгө жөндөмдүүлүк болуп саналат. Эреже катары, микронасыялоо секторундагы компаниялар кирешенин канчалык туруктуулугун, бизнестин кредитке кызмат кыла алышын жана төлөмдөрдү өз убагында жүргүзө алышын баалашат. Бул үчүн төмөнкү акча агымдары талданат: эсептер боюнча көчүрмөлөр, кассалык операциялар, патенттер же ички эсепке алуу жазуулары. Кээ бир учурларда карызды жабуу коэффициенти эсептелет (милдеттенмелерди төлөөгө кирешенин жетиштүүлүгүн чагылдырган көрсөткүч).

Ошондой эле, кредиттик тарыхты текшерүүгө да көңүл бурулат. Аз суммадагы акча суралган учурда да, төлөмдөрдүн тарыхында мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болсо, баш тартууга алып келиши мүмкүн. Ал эми оң тарых, тескерисинче, жактыруу мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат.

Көбүнчө документтерди тариздөө үчүн банк сураган кагаздардын баары эле талап кылынбайт. Көпчүлүк учурда Кыргызстандын жаранынын паспорту, ал эми зарыл болгон учурда бизнести каттоо документтери талап кылынат.

Суралган суммага жараша микрокредит күрөөсүз же ишенимдүү адам менен, же болбосо кыймылдуу же кыймылсыз мүлк менен берилиши мүмкүн. Кээде күрөө катары техника же товар каралат. 

Мындан тышкар, микрокредиттик компаниялар карыз алуучунун жашын эске алышат. Адатта, мындай компаниялардын кардарларынын диапазону 18 жаштан башталат.

Кредиттин максатын так көрсөтүү маанилүү, ал каржылоонун багыттарына дал келиши керек. Мисалы, каражаттар алкоголдук ичимдиктер, чылым продукциялары же кумар оюндары менен байланышкан ишмердүүлүккө багытталбашы керек.

Натыйжада, микрокредиттер бүгүнкү күндө жеткиликтүү инструмент бойдон калууда, бирок алар негизги финансылык тартипти талап кылат. Бизнес канчалык ачык болсо, киреше ошончолук туруктуу, ал эми насыянын максаты канчалык айкын болсо, жактыруу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот.

#GMW2026KG #GMW2026 #GlobalMoneyWeek2026 #SmartMoneyTalks

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.