Бул тууралуу Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана бириктирилген компаниянын жетекчиси Татьяна Ким Чыгыш экономикалык форумунун алкагында билдиргенин ТАСС басылмасы жазып чыкты.
Анын айтымында, «кардардык кийип көрүү» жаңы инструменти аркылуу колдонуучулар кийимди өз сүрөттөрү аркылуу кийип көрө алышат.
Компаниянын басма сөз кызматы кийип көрүүгө жеткиликтүү болгон кийимдер үчүн «кийимди өзүңө чактап көрүү» баскычы пайда болгонун такташты. Аны басуу менен сатып алуучу өзүнүн сүрөтүн жүктөп же дароо сүрөткө түшүп, тандалган кийим ага туура келерин көрсө болот.
Жаңы технология компьютердик көрүү жана жасалма интеллектке негизделген. Система сүрөттү талдап, фигуранын, өң-түстөрдүн жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайгаштырат.
Учурда бул функция тесттик форматта ишке ашырылууда. Компания аталган куралды андан ары өркүндөтүү үчүн сатуучулар менен сатып алуучулардын пикирлерин чогултмакчы.