Wildberries ФАКнан эскертүү алды: кыргызстандык сатуучуларга кооптонууга негиз жок

Документ платформанын расмий сайтында жарыяланды, анда 2025-жылдын 30-июнунан баштап жаңы сатуучулардын каттоосу жана учурда иштеп жаткандар ишин улантуусу үчүн жогорудагы банкта эсеп ачуу шарты менен гана мүмкүн боло тургандыгы көрсөтүлгөн.
ФАК мындай аракеттерде «Атаандаштыкты коргоо жөнүндө» мыйзамдын бузулушунун белгилерин көргөн. Мекеме бул мыйзам бузуу улана турган болсо, антимонополиялык чаралар көрүлөрүн эскертти.
Бул билдирүүгө Wildberries компаниясы жооп кылып, эскертүү расмий түрдө келип түшкөндөн кийин изилденерин билдирип, банктагы эсеп жаңы сатуучуларды ички текшерүүдөн өткөрүү үчүн гана колдонуларын белгиледи. Ошондой эле төмөнкүдөй пункттар белгиленди:
- сатуучу бул эсепти ишкердик үчүн колдонууга милдеттүү эмес;
- каалаган башка банктын эсебин колдоно алат;
- каттоодон өткөндөн кийин эсепти жабууга укуктуу;
- эсеп болбогону жеке кабинеттин жабылуусуна себеп болбойт.
Ошондой эле, Wildberries платформасынын басма сөз кызматы компания ФАКнын талаптарына ылайык иш алып барган абийирдүү рыноктук катышуучу экенин белгиледи.
Жогорудагы мындай өзгөртүүлөр Кыргызстандын сатуучуларына таасир этпейт, анткени алар «Вайлдберриз Банкта» эсеп ачууга милдеттүү эмес жана мурункудай эле учурдагы эсептери аркылуу ишин уланта алышат. Демек, Wildberries платформасындагы кыргызстандык сатуучулар тынчсызданбай эле койсо болот — маркетплейске кирүү мурдагы шарттагыдай эле сакталат.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.