Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Кепилдик фонд» ААКсы: жыл башынан бери кепилдиктердин үчтөн бири аял ишкерлерге берилди

«Кепилдик фонд» ААКсы Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоону ырааттуу улантып, өз бизнесин өнүктүрүп жаткан аялдар үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө.

«Кепилдик фонд» ААКсы: жыл башынан бери кепилдиктердин үчтөн бири аял ишкерлерге берилди
Фото: www

2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча аял ишкерлерге берилген кепилдиктердин үлүшү жалпы кепилдиктердин 32%ын түздү - башкача айтканда, дээрлик ар бир үчүнчү кепилдик аялдар бизнесин өнүктүрүүгө багытталды.

Бул мезгил ичинде «Кепилдик фонд» ААКсы 297 млн сомдон ашык суммага 123 кепилдик берди. Натыйжада, дээрлик 1 млрд 242 млн сом көлөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул каражаттар экономиканын ар түрдүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга - айыл чарбасынан тартып соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө чейин багытталды.

Жалпысынан фонд ишмердүүлүк жүргүзгөн мезгил аралыгында аял ишкерлерге 5 млрд 134 млн сомдон ашык суммага 7 802 кепилдик берилди. Мунун аркасында 15 млрд 339 млн сомдон ашык көлөмдө кредиттик каражаттар тартылып, өлкөдө аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошулду.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.