Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.49 / 99.48
Курс RUB 1.044 / 1.081
Курс KZT 0.116 / 0.188
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.49 / 99.48
RUB RUB
1.044 / 1.081
KZT KZT
0.116 / 0.188

Банк насыя берүүдөн баш тартты: эмне кылуу керек?

Банк сизге насыя берүүдөн баш тартып, андан ары эмне кылууну билбей жатасызбы? Биз насыянын берилбешинин себептерин талдап, эксперттердин кеңештерин чогултуп, ар тараптуу алгоритмди сунуштайбыз.
Банк насыя берүүдөн баш тартты: эмне кылуу керек?

Көпчүлүк үчүн банктан насыя алуу - маанилүү турмуштук көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорунун бири болуп саналат: үй сатып алуу, дарыланууга каражат төлөө же башка карыздарды жабуу. Бирок, банк дайыма эле насыя  бере бербейт: ал тургай ишенимдүү көрүнгөн насыя алуучуга да баш тартышы мүмкүн. Мындай учурда эмне кылуу керек? Эксперттер менен чогуу талкуулайбыз. 

Эмне үчүн банктар насыя берүүдөн баш тартат?

Кыргыз Республикасынын Улуттук  банкынын маалыматы боюнча, 2024-жылы 27%га жакын насыя арыздарынын ээсине каражаттар  берилген эмес. Буга бир катар себептер негиз болушу мүмкүн: 

Насыя алууга болгон жөндөмдүн төмөндүүлүгү  

Эгерде кардардын туруксуз кирешеси, аз айлык маянасы же башка олуттуу милдеттенмелери болсо, банк ал адам бул жаңы карызды көтөрө албайт деп чечиши мүмкүн.
Кредиттик тарыхчанын жакшы эместиги

Буга чейинки насыялар боюнча төлөмдөрдү кечиктирүүлөр, карыздар, соттук териштирүүлөр – мунун баары банктын ишенимине таасирин тийгизет. Ал тургай, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр менен жабылган кредиттер сиздин кредиттик тарыхыңызда из калтырышы мүмкүн.

Документтердин жетишсиздиги же талаптарга жооп бербегендик

Анкетада толтуруудагы каталар, документтердин толук эмес топтому, туруктуу жумуштун жоктугу баш тартуунун кеңири таралган себептери болуп саналат.

Белгисиз киреше 

Эгерде сиз расмий эмес иштесеңиз же кирешеңизди документтештире албасаңыз, сиздин төлөө жөндөмдүүлүгүңүздү талдоодо банк бул каражаттарды эске албайт.

Учурдагы карыздар 

Эгер сиз жогорку айлык акы алсаңыз жана эч кандай кечиктирилген төлөмдөр жок болсо дагы, сизде бир нече  насыялар бар болсо же кредиттик карталарыңызды максималдуу түрдө колдонуп жатсаңыз, банк жаңы насыяны сиз үчүн оор жүк болот деп чечиши мүмкүн.

Кандай кадамдарга баруу керек?

Эмне себептен баш тартканын билиңиз

Банктар дайыма эле баш тартуунун себебин түшүндүрө бербейт, бирок сиз эмне туура келбегенин билүүгө укугуңуз бар. Кээде кайра арыз берүү ийгиликтүү болушу үчүн анкетадагы айрым каталарды оңдоо жетиштүү болот.

Кредиттик тарыхчаңызды текщериңиз

«Ишеним» кредиттик бюросунан атайын отчетту талап кылыңыз. Муну жылына бир жолу бекер жасоого болот. Эгерде ката тапсаңыз, аны оңдоо үчүн арыз тапшырыңыз.

Насыяны башка банктан алууга аракет кылып көрүңүз 

Кредиттик саясаттар ар түрдүү болот, мисалы Кыргызстандагы бир банк канааттанбаган нерсеге экинчи банк канааттанышы мүмкүн. Бул өзгөчө микрокредиттик жана микрофинансылык уюмдарга тиешелүү – алар ийкемдүү, бирок ошону менен катар алардын пайыздары да жогору.

Төлөм жүргүзүү жөндөмүңүздү жакшыртыңыз

Эгер кирешеңиз туруксуз болсо, кошумча булактарды ырастоого аракет кылыңыз: ижара акысы, толук эмес жумуш күнү, алимент ж.б. Мындан тышкары, күрөө койсоңуз да болорун унутпаңыз. 

Келечекте сизге насыя берүү мүмкүнчүлүгүн кантип жогорулатуу керек?

  • Кредиттик тарыхчаңыздын үстүнөн иштеңиз: көп эмес суммадагы насыя алып, убагында төлөңүз;
  • Карыздык жүктөрдү азайтыңыз;
  • Кирешени расмий түрдө каттаңыз;
  • Жумушуңузга туруктуу болуңуз: банктар компанияларда узак иштегендерди баалайт;

Насыя алууга арызды айына 1 жолу гана бериңиз.

Сизге насыя берүүдөн баш тартышканы бул - өкүм эмес. Андыктан, себептерин түшүнүү, жыйынтык чыгаруу жана финансылык коопсуздукту жакшыртуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасоо маанилүү. Кээде насыя алып, карыздын торуна түшүп калгандан көрө, аны кийинкиге калтырып турган жакшы. Каржылык стратегияңызды талдап, пландаштырып түзүп алган оң.

 

 Ошондой эле Banks.kg сайтынан Глобалдуу акча жумалыгы - 2025ке арналган материалдарды окуңуз:

 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.