Аяз атага каржылык убадалар: адамдар 1-январдан тарта эмнелерди өзгөртүүнү көздөөдө

2026-жылдын 1-январынан тарта көпчүлүк кыргызстандыктар «жаңы жашоо баштоо», спорт менен машыгуу, салмак таштоо кыялдарынан сырткары, аң-сезимдүү керектөө жана финансылык максаттарды коюу режимине өтүүгө умтулушат.

Аяз атага каржылык убадалар: адамдар 1-январдан тарта эмнелерди өзгөртүүнү көздөөдө

Banks.kg порталы бул макалада достор, тааныштар жана кесиптештердин пикирин пайдаланды. Алардын көпчүлүгү жашыруун калууну чечишти.

2026-жылдын 1-январындагы негизги тренд «жегенден» «үнөмдөөгө» өтүү. Кыргызстандыктар барган сайын сарамжалдуу болуп баратат: күтүлбөгөн шопингдин ордуна банктык салымдарды жана каржылык пландоону тандашат.

Жан дүйнөгө жана денеге кам көрүү 

Жаңы жылдык убадалар көбүнчө ден соолукту, анын ичинде менталдык саламаттыкты: 

  • көпчүлүк адамдар тамактанууну пландаштырып, эртең мененки көнүгүүлөрдү жасап же спорт менен алектенишет;
  • жаман адаттардан баш тартуу тренди пайда болду;
  • көпчүлүгү соцтармактардагы убактысын кыскартып, аны китеп окууга алмаштырууну көздөөдө —борбордогу жогорку окуу жайлардын окутуучусунун бири студенттерине күн сайын жатар алдында 10 барак китеп  окууну сунуштайт.

Импульсивдүү коротуу менен күрөшүү

Көпчүлүк алардын бюджетин күтүүсүздөн болгон сатып алуулар «жеп» жатканын моюнга алышат. 1-январдан тарта алар «24 сааттык эрежени» ишке ашырууну пландашууда, бул убакыт аларга сатып алуудан мурун ойлонууга мүмкүндүк берет.

«Коопсуздук жаздыкчасын» түзүү

Бул белгилүү бир максаттардын бири. Адамдар форс-мажордук жагдайларга акчанын корун даярдап коюуга умтула баштады.  

Депозиттер – ийкемдүү шарттар жана жогорку пайыздык чен менен аманатыңызды өстүрүүнүн ишенимдүү жолу. Бишкектин тургуну Марина биринчи жолу депозит ачууну чечип, жылына 16%га чейин киреше тапты.

Карьера жана киреше

Көптөр үчүн 2026-жылга карата финансылык стратегия үнөмдөө эмес, мүмкүнчүлүктөрдү издөө.

Кээ бирлери кошумча киреше булагын табууга ниеттенсе, башкалары кайрадан эмгек миграциясына кетүүнү пландап жатышат, үчүнчүлөрү квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшөт.

Сулуулук салондун ээси Татьяна 2026-жылы салонду оңдоп, косметологиялык жабдууларды жаңыртууну пландоодо.

Карызы жок жашоо

Карызы жок жашоо – бул бир гана финансылык эркиндик эмес, стресстин деңгээлин азайтуу. 

Эки балалуу жаш үй-бүлөдө Айпери менен Улук үчүн ипотеканы үзгүлтүксүз төлөп туруу артыкчылыктуу. Алар 8% үстөк менен батир алышкан, ал эми ай сайын төлөнүүчү төлөмү 38 миң сомду түзөт.

Ошол эле учурда үй-бүлөдө «микро жаздыкча» бар – өзгөчө кырдаал үчүн дайыма 30 миң сом накталай акча турат.

Автомобилдик учурлар

Бишкектин тургуну Дмитрий азырынча жаңы унаа сатып ала албайт, бирок жаңы жылдык майрамдан кийин унаасын тейлөө борборуна алып барат. Ага диагностика, оңдоо, тетиктерди алмаштырууга 80 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталат.

Чоң максаттар жана кыялдар 

Үнөмдөө режимине карабастан, адамдар чоң пландарынан баш тартпайт. Көпчүлүк чет өлкөлөргө саякаттоо, ири сатып алууларды жасоо, өз бизнесин ачуу жана жашоодон күтүлбөгөн сюрприздерге ээ болууну кыялданышат.

Жаңы жыл ар бириңиздерге ийгилик алып келсин!

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.