Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-апрелинде коомдук талкууга Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор чыгарылган.
Долбоорго ылайык, Улуттук банктын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка каржы-кредиттик уюмдарда кредиттик тобокелдикти башкаруунун минималдуу талаптары жөнүндө» токтомунун 34.1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизилген, ага ылайык, насыя алуучунун карыздык жүгүн көрсөткүч өзгөртүлгөн, анда депозиттерди тартуучу банктар жана микрофинансылык уюмдар керектөө кредиттерин берүүгө укуктуу.
Тактап айтканда, долбоор боюнча, банк керектөө кредитин улуттук валютада төмөнкү шарттарда гана бере алат:
- 50%дан көп эмес, эгерде карыз алуучунун орточо айлык кирешеси 1000 эсептик көрсөткүчтөн (100 миң сом) аз болсо;
- Эгерде орточо айлык кирешеси 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин (100 миңден 200 миң сомго чейин) болсо — бул үлүш 60%дан ашпоого тийиш;
- Эгерде орточо айлык кирешеси 2000 эсептик көрсөткүчтөн (200 миң сом) жогору болсо — бул үлүш 70%дан ашпоого тийиш.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, бул чек 2023-жылдын 5-апрелиндеги Улуттук банк Башкармалыгынын 2023-П-12/22-3-(ЧУА) «Кредиттик тобокелдик маселелери боюнча Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен бекитилген.
«Мындан тышкары, 2025-жылдын 10-сентябрынан тарта коомдук талкууга Жогорку Кеңештин депутаты демилгелеген «Керектөө кредити жөнүндө» мыйзам долбоору чыгарылды, анда карыз алуучунун карыздык жүгүн эсептөө жана колдонуу боюнча милдеттүү норма киргизилген, бул көрсөткүч карыз алуучунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча орточо айлык төлөмдөрүнүн суммасынын анын орточо айлык кирешесине болгон катышы катары аныкталат», — деп кошумчалашты Улуттук банктан.
Ошону менен катар мыйзам долбооруна ылайык, эгерде насыя алуучунун карыздык жүгү 60%дан ашып кетсе, анда келишим түзүлгөнгө чейин кредит берүүчү карыз алуучуга милдеттенмелерди аткарбоо коркунучу жана ага карата жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн экенин жазуу түрүндө эскертүүгө тийиш.
Мындай учур керектөө кредитин берүүгө карыз алуучунун тобокелдиктерди билүүсүн ырастаган жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.