Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.76 / 98.76
Курс RUB 1.072 / 1.105
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.76 / 98.76
RUB RUB
1.072 / 1.105
KZT KZT
0.117 / 0.187

Улуттук банк Кыргызстандагы микрокредит рыногун кантип жөнгө салат?

Banks.kg КР Улуттук банкынан төмөнкү суроолорго жооп алды - кредиттерди берүүгө ким укуктуу, көбүнчө кандай мыйзам бузуулар аныкталат, насыя алуучулардын укуктары кандай корголот жана мыйзамсыз иштеген компанияларда кандай коркунучтар бар деген өңдүү суроолор.
Улуттук банк Кыргызстандагы микрокредит рыногун кантип жөнгө салат?

- Улуттук банк учурда Кыргызстандагы микрокредит рыногуна кандай баа берет?

- Микрокредит рыногундагы жагдай туруктуулукту жана негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшүн көрсөтүп турат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын жалпы активдери 2023-жылга салыштырмалуу 13,8 млрд сомго же 29,7%га көбөйүп, 60,5 млрд сомду түзгөн.

Банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын насыя портфели 2023-жылга салыштырмалуу 9,2 млрд сомго же 23,2%га көбөйүп, муну менен 48,9 млрд сомго жеткен.

Жылдын аягына карата банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын кредит портфели боюнча алынган пайыздык чендердин отчету:

  • микрофинансылык уюмдар үчүн – 30,3 пайыз, 2023-жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга азайган;
  • кредиттик союздар үчүн – 25%, 2023-жылдагы деңгээлин сатап калган.

- Микрофинансылык компанияларда кандай негизги мыйзам бузуулар аныкталган?

- Банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын негизги бузууларына мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетторду бербөө/берүү мөөнөттөрүн бузуу, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык стандарттарды жана талаптарды бузуу жана башкалар кирет.

Мындан тышкары, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын ишинде кредиттик тобокелдиктерди тескөөдөгү кемчиликтер (анын ичинде кредиттик администрациялоо, насыя  алуучулардын кредиттик жөндөмдүүлүгүнө жетишсиз талдоо, мүмкүн болуучу жоготууларды жана зыяндарды жабуу үчүн резервдердин жетишсиз түзүлүшү, ички контролдун начардыгы ж.б.) аныкталган.

- 2024–2025-жылдары канча компаниянын лицензиясы жокко чыгарылган?

- Бул аралыкта Улуттук банк тарабынан көзөмөлдүк чаралардын алкагында 1 микрокредиттик компаниянын каттоо күбөлүгү жокко чыгарылган. Белгилей кетсек, Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн уюмдардын ишин убактылуу токтотуу/мажбурлап жоюу жөнүндө маалымат КРнын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланган.

Ошондой эле Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын финансылык туруктуулугун жана алардын ресурстук базасын жогорулатууга багытталган иш-чараларды уюштуруп келет. Атап айтканда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында микрофинансылык уюмдардын уставдык капиталын 2027-жылга чейин этап менен көбөйтүү боюнча талаптар белгиленген.

- Лицензиясы жокко чыгарылгандан кийин башка ат менен жаңы компания ачкандар кандай жазаланат?

- Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн адамдарга карата гана көзөмөлдү жана жөнгө салууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга карата таасир көрсөтүү чараларын колдонууга укуктуу.

Банктык операцияларды, анын ичинде кредиттик ишти жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банктан лицензия/күбөлүк алуу зарыл. Микрофинансылык уюмдардын иши «Микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, ошондой эле кредиттик тобокелдиктерди тескөө, экономикалык стандарттарды сактоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча талаптарды караган Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

- Лицензиясы жок компаниялардан насыя алгандардын тагдыры кандай болот? Алар насыяларын  кантип төлөшөт?

- ФКУнун ишин токтотуу ыктыярдуу же мажбурлоо жолу менен жүзөгө ашырылат, бул учурда жоючу/убактылуу администратор дайындалат, ал жоюлган ФКУнун милдеттенмелерин жабуу жана активдерин кайтаруу, анын ичинде карыз алуучулардын кредиттерин жабуу маселелери боюнча иш-чараларды жүргүзөт.

Насыяларды төлөө карыз алуучу менен анын кредиторунун ортосунда түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынат, ал эми кредитти төлөөнүн андан аркы тартиби жөнүндө маселе ФКОну жоюу жол-жоболорун ишке ашыруунун алкагында чечилет.

- Учурда микрофинансылык уюмдарда насыя алуучулардын укуктарын коргоонун кандай механизмдери бар?

- «Банктар жана банк иши жөнүндө» КРнын мыйзамында кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого банктык жана микрофинансылык кызматтарды көрсөтүүгө, маалыматтарды ачыкка чыгарууга карата негизги талаптарды жөнгө салууга багытталган өзүнчө бөлүм бар; кардарлар менен түзүлгөн келишимдерге талаптар; жоопкерчиликтүү кредит берүү, комиссиялык жыйымдар, тарифтерге жана пайыздык чендерге, даттануулар менен арыздарды кароонун тартиби.

Мындан тышкары, Улуттук банкта Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо департаменти бар, анын негизги милдеттери банктык жана микрофинансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо болуп саналат.

Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн Улуттук банк жарандарды кабыл алууга жана алардын кайрылууларын кароого өзгөчө маани берет: Карыз алуучулардын алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча даттануулары дайыма каралып турат; Улуттук банктын кызматкерлери банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө консультациялык жардам көрсөтүү, жарандарды жеке кабыл алууларды, телефон аркылуу консультацияларды өткөрүү, жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо боюнча күн сайын иштешет.

Керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу жөнүндө маалыматтарды камтыган ар бир суроо-талап боюнча Улуттук банк документтерди талдоодо көрсөтүлгөн фактыларга иликтөө жүргүзөт. 

Эгерде оозеки даттанууда коюлган маселе кошумча изилдөөнү же кошумча текшерүүнү талап кылбаса, даттанууга жооп дароо, оозеки, жеке жолугушууда же телефон аркылуу берилиши мүмкүн.

Эгерде оозеки даттанууда баяндалган маселени тез арада кароого мүмкүн болбосо жана кошумча изилдөөнү талап кылса, керектөөчү даттанууну ырастоочу документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө билдирүүсү суралат.

Эгерде даттанууда камтылган маселелерди чечүү Улуттук банктын курамына кирбесе, керектөөчүгө кайда жана кандай тартипте кайрылуусу керектиги жөнүндө түшүндүрмө берилет.

Микрофинансылык кызматтардын кардарлары  Улуттук банкка же анын аймактык бөлүмдөрүнө МФУнун аракеттерине арыз же даттануу менен, анын ичиндеэлектрондук дареги боюнча кайрыла алышат: [email protected]

- «Ыкчам насыялар» үчүн пайыздык ченге жана айыпка чектөө киргизүү пландалып жатабы?

- КРнын Улуттук банкынын талаптарына ылайык, МФУ тарабынан кредиттик келишим жана/же башка келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы/тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн гана МФУ тарабынан өндүрүлүп алынат.

Улуттук банк бардык финансы-кредиттик уюмдарды кардар менен түзүлгөн кредиттик келишимде негизги сумма боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз үчүн айыптык төлөм боюнча пайыздардын өлчөмүн жана келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден ашпаган пайыздарды белгилөөгө милдеттендирди.

Мында кредиттин бүткүл мезгили үчүн чегерилген туумдардын (айыптардын) суммасы берилген кредиттин суммасынан 10% ашпоого тийиш.

- Келишим түзгөнгө чейин абийирсиз МККны кантип билүүгө болот?

- Эгерде сиз МФУдан кредит алууга арыз бере турган болсоңуз, эң негизгиси, тандалган компания Улуттук банктын расмий сайтындагы «МФУ реестринде» бар-жоктугун текшерүү.

МФУнун аталышы гана эмес, башка нерселердин да дал келүүсү маанилүү. Кээ бир шылуундар кардарларды адаштыруу үчүн чыныгы уюмдун маалыматтарын колдонушат, бирок көбүнчө аты эле окшош болуп калат.

«Банктар жана банк иши жөнүндө» КРнын мыйзамынын 10-беренесине ылайык, микрофинансы уюмдары кредиттик ишти (акча каражаттарын жайгаштыруу) жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптерин: ачык-айкындуулук, ишенимдүүлүк, карыз алуучулар менен өнөктөштүк, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүүгө милдеттүү.

Кардарлар менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Келишимдердин тексттери бирдей шрифттин өлчөмү менен басылышы керек, кардарлар кабыл алышы жана түшүнүүсү үчүн өтө так жана жеткиликтүү түрдө берилиши керек.

Кардар менен макулдашуу боюнча келишимдин тексти мамлекеттик же расмий тилде жазылат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.