Акчаны инфляциядан кантип коргоого болот: депозит, кыймылсыз мүлк жана акцияларды салыштыруу

Banca инвестициялык брокеринин башкы директору Сергей Павлов ар бир инвестициялык инструменттин оң жана терс жактарын – банктык депозиттер, кыймылсыз мүлккө инвестиция жана баалуу кагаздар тууралуу айтып берди.
Банктык депозит
Банктык депозит – бул өлкөнүн жашоочулары арасында акча сактоонун эң көп тараган куралы болуп саналат. Өткөн жылы банктык депозиттердин жалпы көлөмү 37%га өсүп, 592 млрд сомду (6,7 млрд доллардан ашык) түздү, анын ичинен жеке адамдардын депозиттери 26%га өсүп, 207 млрд сомго (2,3 млрд доллар) жетти. Банктар кардарларды тартуу боюнча жигердүү саясат жүргүзүп, аманатчыларды кызыктыруучу депозиттик программаларды кеңейтүүдө.
Акчаны сактоо куралы катары депозиттин артыкчылыктары:
- Пассивдүү киреше. Акча жөн эле жата бербестен, салымдын мөөнөтүнө жана шарттарына жараша пайыз түрүндө туруктуу өсүштү камсыз кылат.
- Жогорку ликвиддүүлүк. Эгер депозиттик эсепти мөөнөтүнөн мурда жапсаңыз да, салынган каражат толук кайтарылат. Салыштыруу үчүн: инвестициядан каражатты шашылыш чыгаруу зарыл болсо, сиз пайыздарды эле эмес, негизги капиталыңыздын бир бөлүгүн да жоготуп алышыңыз мүмкүн.
- Депозиттерди коргоо. Өлкөдөгү банктар жана Улуттук банктан лицензия алган микрокредиттик уюмдар депозиттерди коргоо тутумуна кирет, 2023-жылдын июнунан баштап камсыздандыруу суммасы 200 миң сомдон 1 миллион сомго чейин жогорулаган.
- Санариптик жеткиликтүүлүк. Депозиттик эсепти мобилдик тиркеме аркылуу ачууга, жабууга жана толтурууга болот.
Депозиттердин белгилүү артыкчылыктарына карабастан, бул инструментти тандоодо айрым кемчиликтерди да эске алуу зарыл:
- Пайыздык киреше инфляцияны толук жаппайт.
- Улуттук банктын пайыздык саясаты шарттуу түрдө гана жагымдуу, сом менен салымдар үчүн 17% га чейин сунуштар бар, бул негизги пайыздык чендин 9%дан жогору болгону менен жакшы көрүнөт. Бирок эгер инфляция деңгээли 7%га жетсе, мындай салымдан түшкөн киреше акчаны көбөйтүүгө эмес сактап калууга гана жардам берет.
- Чет элдик валютадагы депозиттердин төмөн пайызы: доллар менен салымдар үчүн 3–3,5% гана сунушталат, ал эми евро менен болсо мындан да төмөн.
Депозит – бул капиталды көбөйтүү үчүн эмес сактап калуу куралы болуп саналат.
Сергей Павлов
Кыймылсыз мүлк
Economist.kg басылмасынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын бир миллион чарчы метрден ашык турак жай курулуп жатат. Бирок бул көлөмгө карабастан, куруучулар жаңы батирлерге болгон суроо-талапка туруштук бере албай жатышат.
Суроо-талаптын көбөйүшү менен батирлердин баасы да өсүүдө. 2024-жылы Бишкекте чарчы метрдин баасы 2023-жылга салыштырмалуу 17,6%га кымбаттаган. Ош шаарында бул көрсөткүч 13,5%ды түздү. Орточо жылдык өсүш 20% деңгээлинде болот деп күтүлүүдө.
Көпчүлүк учурларда адамдар батирди өздөрү жашоо үчүн сатып алышат. Бирок турак жайдын ар бир чарчы метрин инвестиция катары карй турган болсок, кыргызстандыктар үчүн – бул батирди ижарага берүү же кайра сатуу болуп саналат. Коммерциялык кыймылсыз мүлк кирешелүү жана туруктуу, бирок Кыргызстанда сапаттуу коммерциялык объект табуу кыйынга турат. Баасы менен сапатынын дал келген сунуштар өтө аз, бул тандоо мүмкүнчүлүгүн чектейт.
Кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу — бул узак мөөнөттүү келечекке багытталган иш, анткени батирлердин баасы убакыт өткөн сайын дээрлик ар дайым өсөт. Бул өсүш инфляцияны толук жаппаса да, көп учурда ага шайкеш жүрөт. Маселен, 2022-жылдан тарта өлкөнүн негизги сатып алуучулары жана инвесторлору топтолгон шаарда тагыраагы Бишкекте батирлердин баасы 49% га кымбаттаган. Валюта жана баалуу металлдар рыногу тышкы факторлорго көз каранды, ал эми кыймылсыз мүлк тармагында баанын кескин түшүшү дээрлик кездешпейт. Бул да бул инструментти салыштырмалуу туруктуу жана коопсуз кылат.
Бирок бул куралда дагы бир катар кемчиликтер кездешет:
- Кирүү босогосунун бийиктиги. Турак жай сатып алуу ири баштапкы инвестицияны талап кылат. 2025-жылдын март-апрелинде Бишкекте чарчы метрдин баасы 105 миң сомду($1200), коммерциялык аянттар болсо 92 миң сомду ($1000) түзгөн.
- Актоонун узак мөөнөтү. Салынган каражаттын толук кайтарылышы 10–15 жылга чейин созулушу мүмкүн, айрыкча бул экинчи рыноктон алынган батир болсо.
- Төмөн ликвиддүүлүк. Кыймылсыз мүлктү тез арада сатуу оңой эмес. Бул жагынан акция же облигация сыяктуу каржы инструменттерине караганда кыйла жай.
- Чыныгы кирешенин төмөн болушу. Эгер ижарадан түшкөн пайда инфляцияны эске алуу менен эсептелсе, реалдуу киреше инвестор күткөндөн кыйла төмөн болушу мүмкүн. Анткени ижара акысынын өсүшү батирлердин наркынын өсүшүнөн артта калууда.
Эгерде сиз тилкелерди ижарага берүүдөн түшкөн реалдуу кирешени эсептеп көрсөңүз (инфляциянын өсүшүн эске алуу менен), эсептер ээси каалагандан азыраак болуп чыгышы мүмкүн. Ижара акысынын өсүшү батирлердин баасынын өсүшүнөн артта калууда.
Акциялар
Кыргызстанда инвестиция үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө жана бул банктык депозиттер же кыймылсыз мүлк сатып алуу менен гана чектелбейт. Акциялар — бул рынок үчүн салыштырмалуу жаңы, бирок келечектүү жана узак мөөнөттүү инвестиция куралы.
Акциялар — бул бөлүшүү баалуу кагаздары, алардын ээси компаниянын бир бөлүгүнө жана анын пайдасынан үлүш алууга укуктуу болот.
Бул кандай иштейт?
Ийгиликтүү өнүгүп келе жаткан компания кеңейүү үчүн инвестиция тартууну чечип, 1000 акция чыгарды дейли. 100 баалуу кагазды сатып алуу менен сиз бардык акциялардын 10%нын ээси болосуз.
1 жылда компания 1 миллион сом киреше тапты дейли, салыктарды жана чыгашаларды төлөгөндөн кийин 500 миң сомду акционерлеринин ортосунда бөлүштүрүүнү чечсе - пайдадан үлүш аласыз.
Ошентип, акциянын эки түрү бар:
- Дивиденддик төлөө
Эгерде компания ар бир акцияга 10 сомдон төлөй турганын жарыяласа, сиз кошумча 100 сом (10 сом*10 акция) ала аласыз.
- Кагаздын наркынын өсүшүнөн алынган киреше
Акцияны өсүү стадиясында кайра сатып, пайда көрсөңүз болот.
Мисалы, компаниянын акцияларынын баасы 150 сомго чейин көтөрүлөт. Анда сиздин акцияларыңыз 15 000 сомго бааланат. Баалуу кагаздарды сатып, 5000 сом пайда тапсаңыз болот. Акцияларга инвестициялоо стандарттык банктык депозиттерге караганда алда канча көп киреше алып келиши мүмкүн.
Эгерде кирешелүүлүк жөнүндө айта турган болсок, анда акцияларды дивиденд үчүн эмес, кагаздын наркынын өсүшүнөн эселенген киреше алуу үчүн сатып алуу керек экенин түшүнүшүбүз керек. Туруктуу, жогору болбосо да, төлөмдөр облигациялар жана векселдер менен камсыз кылынат, ал эми акциялар – бул кагаздын баасын он эсеге жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Акцияларды каяктан жана кантип сатып алса болот?
Кыргызстанда акция сатып алуу үчүн брокердик эсеп ачып, атайын мобилдик тиркеме аркылуу инвестирлөөнү баштаса болот, бул процессти бардыгы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.
Компанияны тандоого брокер жардам берет, бирок рынокту өз алдынча изилдеп, кайсы тармактар тез өнүгүп жатканын да карап көрсөңүз болот — мисалы, IT же кызмат көрсөтүү тармагы.
Pre-IPO деген эмне жана ал кирешелүүлүккө кандай таасир этет?
Бүгүнкү күндө инвесторлор келечектүү жергиликтүү компаниялардын акцияларын сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул компаниялар азырынча ачык базарга чыга элек жана алардын баалуу кагаздары кеңири коомчулукка жеткиликтүү боло элек.
pre-IPO этабында, тагыраагы компания фондулук биржага чыкканга чейин, бул этапта акциялардын баасы төмөн болот, бирок кийин алардын наркы өссө, акцияларды сатып, киреше табууга болот. Pre-IPO этабында акциялар, адатта туруктуу дивиденддерди бербейт. Аларды көбүнчө келечекте капиталды бир нече эсе көбөйтүү максатында тандашат.
Мындай ыкма АКШда, Европада жана Казакстанда көптөн бери колдонулуп келет. Мисалы, Facebook компаниясынын жабык жайгаштыруу этабындагы акцияларынын баасы болжол менен $0,1 болгон, ал эми биржага чыккан учурда алардын баасы $38ге жеткен — бул дээрлик 38 000%га өсүш. Эгерде сиз 2002-жылы Google компаниясынын pre-IPO акцияларына $300 салган болсоңуз, анда 7 жылдан кийин аларды $30 миңге сатмаксыз.
Тобокелдиктер
Акцияларга инвестиция салуу тобокелдик менен байланышы бар — компания зыян тартып же баалуу кагаздардын баасы төмөндөшү ыктымал, же акционерлердин чечими менен киреше дивиденддерге эмес, бизнести өнүктүрүүгө жумшалышы мүмкүн. Бирок ишенимдүү брокерди тандап, бир нече компаниянын акцияларына инвестиция салып, тобокелдиктерди азайтууга болот.
Кыргызстандын фондулук рыногу азыр гана өнүгүп жатат, өз убагында мындай Россия, Казакстан жана АКШда дагы болгон. Азыркы өнүккөн рынокто инвестор үчүн баасы төмөн жана келечеги бар компанияларды табуу кыйын. Кыргызстанда бул жагынан төмөн база эффекти иштеп жатат: баштапкы көрсөткүчтөр дээрлик нөлгө жакын, жана азыркы өсүп жаткан рынокко салым салуу ийгиликке жеткирүүчү жол. 2020-жылы Goldman Sachs эсептеп чыккандай, АКШда эң бай 1% үй-бүлөлөр америкалык компаниялардын акцияларынын жарымынан көбүнө ээ.
Активди кантип туура тандоо керек: Эксперттин кеңеши
Эгерде сиздин бюджетиңиз болсо жана инвестициялоого даяр болсоңуз, анда башында сиз инвестицияны 3 түргө бөлүңүз: бир бөлүгүн жогорку ликвиддүү активдерге (депозиттерге же мамлекеттик вексельдерге жана облигацияларга), кээ бирлерин орто тобокелдиктеги инструменттерге (белгилүү компаниялардын акциялары) инвестициялаңыз жана калганына жогорку тобокелдикти (перспективдүү компаниялар) тандаңыз.
Кеңеш - каржыңызды мүмкүн болушунча ар түрдүү, көз карандысыз инструменттер боюнча бөлүштүрүү керек.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.