Көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн кыймылсыз мүлк дале каржылык туруктуулуктун негизги символу бойдон калууда. Колго ашыкча каражат тийсе, алгач эле батир сатып алуу тууралуу ойлор келет: турак үйдү ижарага берүүгө болот, өз менчикте калат жана практика көрсөткөндөй, убакыт өткөн сайын баасы өсөт. Бирок дагы бир вариант бар: каражатты банктык депозитке салып, ижарачыларды издеп, оңдоо иштерине жана батирди тейлөөгө убакыт коротпостон эле пайыздык киреше алуу.
Кайсы вариант жакшы деген суроого так жооп жок. Баары инвестордун максатына, тобокелчиликке болгон мамилесине жана өз активин башкарууга канчалык даяр экенине жараша болот. Эми 60 миң доллар мисалында ар бир ыкманын негизги артыкчылыктары менен кемчиликтерин карап көрөлү.
Батир инвестиция катары: ижарадан түшкөн киреше жана активдин ишенимдүүлүгү
Болжол менен сиз 60 миң долларга Бишкектен бир бөлмөлүү батир сатып алдыңыз дейли. Бүгүнкү күндө мындай батирди жайгашкан жерине жараша айына болжол менен 400 долларга ижарага берүүгө болот.
Бир жылда ижарадан болжол менен 4 800 доллар киреше түшөт. Бирок бул батир ээсинин таза пайдасы эмес. Анткени кыймылсыз мүлк туруктуу чыгымдарды талап кылат: үй ээлеринин бирикмесине (ҮББ) төлөмдөрдү төлөө, үйдү тейлөө, батирди учурдагы оңдоодон өткөрүү, ижарачылар алмашкан сайын жаңыртуу жана батир бош турган мезгилдерди да эске алуу керек.
Эгер жылына ҮББ төлөмдөрүнө болжол менен 100 доллар, майда оңдоо жана тейлөөгө 300 доллар, ошондой эле ар беш жылда бир болжол менен 2 миң долларлык косметикалык оңдоо чыгымын (оптимисттик эсеп менен) кошсок, орточо жылдык чыгым 800 доллардын тегерегинде болот. Мындан тышкары, ижарачылар алмашкан учурда батир бош туруп калуусу мүмкүн экенин эске алып, дагы болжол менен 200 долларды эсепке кошууга болот.
Демек, 60 миң долларлык батирдин ээсинин жылдык реалдуу кирешеси баштапкы 4 800 доллар эмес, болжол менен 3 800 долларды түзөт. Бул 60 миң доллардын жылдык болжол менен 6,3% кирешелүүлүгүнө барабар.
Бирок кыймылсыз мүлктүн негизги артыкчылыгы ижара кирешеси менен эле чектелбейт. Анткени депозиттен айырмаланып, батирдин өзү убакыт өткөн сайын кымбатташы мүмкүн. Эгер бир нече жылдан кийин турак жайдын баасы өссө, ээси аны сатууда кошумча киреше табат.
Дал ушул баанын өсүшү көпчүлүк учурда турак жай сатып алуунун эң негизги аргументи болуп эсептелет. Маселен, бир нече жыл мурда батир сатып алган адам ижарадан гана эмес, анын рыноктук баасынын өсүшүнөн да киреше көрүшү мүмкүн.
Бирок кыймылсыз мүлктүн терс жактары да бар. Батирди бир күндө сатып жиберүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары, анын абалы райондон, курулуштун сапатынан жана рыноктогу кырдаалдан көз каранды. Дагы бир маанилүү жагдай батир ээсинин туруктуу катышуусун талап кылат. Ижарачыларды издөө, тиричилик маселелерин чечүү, төлөмдөрдү көзөмөлдөө жана оңдоо иштеринин баары үзгүлтүксүз көңүл бурууну талап кылат.
Депозит: түйшүгү аз, бирок кирешеси төмөн
Банктык депозит - инвестициянын башка түрү. Бул учурда акчанын ээси кандайдыр бир объектти башкарбайт, тескерисинче белгилүү бир мөөнөткө каражатын каржы мекемесине жайгаштырып, пайыз түрүндө киреше алат.
Депозиттин негизги артыкчылыгы акчаны эсепке салып эле киреше алып туруу. Ижарачы издөө, оңдоо жүргүзүү же батир бош калуусуна тынчсыздануунун кереги жок. Каражат автоматтык түрдө иштеп, кирешелүүлүк шарттары алдын ала белгилүү болот. Мындан тышкары, мөөнөтү бүткөндөн кийин акчаны кайра колдонууга же башка инвестициялык вариантты тандоого мүмкүнчүлүк бар.
Ошол эле учурда депозиттин да өз чектөөлөрү бар. Анын кирешелүүлүгү убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган пайыздык чендерге көз каранды. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы банктар доллардагы депозиттер боюнча орточо жылына 2-3% сунушташат. Ал эми микрофинансылык сектордо, мисалы, «Салым Финанс» МФКсында доллардагы депозиттер боюнча жылына 6% сунушталган программалар бар.
Эсептеп көрөлү: эгер ошол эле 60 миң долларды жылына 6% менен депозитке жайгаштырсаңыз, бир жылдык киреше болжол менен 3 600 долларды түзөт. Бул пайыздарды капиталдаштырууну эсепке албаганда айына орточо 300 доллар болот. Мындай кирешелүүлүк батирди ижарага берип, бардык чыгымдарды алып салгандан кийинки киреше менен дээрлик бирдей.
Эгер Кыргызстандагы коммерциялык банктар сунуштаган жылына болжол менен 3% болгон кеңири таралган доллардык депозиттерди карасак, анда киреше кыйла төмөн болот. Мындай учурда 60 миң долларлык депозит бир жылда болжол менен 1 800 доллар, же айына 150 доллардын тегерегинде киреше алып келет. Мындай кирешелүүлүк менен депозит жогорку пассивдүү киреше табуу куралына караганда, валюталык топтомду сактоонун жолу катары көбүрөөк кызмат кылат.
Узак мөөнөттүү келечекте кайсынысы ишенимдүү?
Батир көбүнчө материалдык активге ээ болууну каалаган, аны тейлөөгө даяр жана турак жай рыногунун узак мөөнөттүү өсүшүнө ишенген адамдар үчүн ылайыктуу. Бул убакытты талап кылган, бирок эки булактан: ижара акысынан жана капиталдын өсүшүнөн киреше алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон инвестиция.
Ал эми депозит жөнөкөйлүктү, алдын ала белгилүү болгон шарттарды жана кошумча түйшүктүн жоктугун баалагандар үчүн ылайыктуу. Бул кыймылсыз мүлктү башкаргысы келбеген жана өз топтомунан күнүмдүк катышуусуз эле киреше алууну каалагандар үчүн ыңгайлуу инструмент.
Ошол эле учурда эки вариант тең өзүнүн тобокелчиликтерине ээ экенин унутпоо керек. Турак жайдын баасы күтүлгөндөй тездик менен өспөй калышы же убактылуу төмөндөшү мүмкүн. Ал эми депозиттердин кирешелүүлүгү каржы секторундагы кырдаалга жараша өзгөрөт.
Ошондуктан батир менен депозиттин ортосундагы тандоо - бул стратегия маселеси. Кимдир бирөө ижарага берип, кийин мураска калтыра турган батирди тандайт. Башка бирөө болсо каражатын кыйла мобилдүү формада сактап, кыймылсыз мүлктү башкаруу менен алектенбөөнү туура көрөт.
Кыргызстандын шартында бул эки инструмент тең актуалдуу бойдон калууда. Ал эми көпчүлүк инвесторлор эң туура чечим катары бир эле вариантты эмес, каражаттарын ар кандай активдерге бөлүштүрүүнү тандашат. Бул тобокелчиликти азайтып, кирешелүүлүк менен ишенимдүүлүктүн ортосундагы тең салмакты сактоого жардам берет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.