КРнын Улуттук банкы «КРнын УБнын валюта рыногундагы операциялары» бөлүмүндө төмөндөгүлөрдү билдирди:
- 76,7 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды;
- 93,5 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды.
Буга чейин финансылык жөнгө салуучу орган 6 интервенция жасады:
- Биринчи интервенция - 19-январда, 134 миллион АКШ долларын саткан.
- Экинчи интервенция – 6-февралда, жалпысынан 109,95 миллион АКШ доллары сатылган.
- Үчүнчү интервенция эң ири болду – 26-февралда, 162,55 млн АКШ долларын ишке ашырды.
- Төртүнчү - 10 мартта, 140 млн АКШ доллары.
- Бешинчи – 30-мартта 178,9 млн доллар суммасында рекорддук интервенция жасаган.
- Алтынчы – 16-апрелде - 168 млн АКШ долларына интервенция жүргүздү.

2026-жылдын башынан бери КРнын Улуттук банкынын валюталык интервенцияларынын жалпы көлөмү 1 миллиард 63 миллион 65 миң АКШ долларын түздү.
Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 853 миллион долларды түзгөн 8 интервенция жүргүзгөн.
2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.
Адатта, финансылык жөнгө салуучу орган валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү жумшартуу же чет элдик валютага болгон тартыштыкты жоюу үчүн доллар сатат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.