BIFF-2025 иш-чарасына Кыргызстандын тогуз банкы колдоо көрсөттү

BIFF-2025 форумунун уюштуруучусу бир катар өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргызстан банктар союзу болду.
BIFF – бул жыл сайын өтүүчү ири финансылык иш-чара болуп саналат, ал пикир алмашуу, акыркы тренддерди талкуулоо, IT чечимдеринин презентациясы жана Кыргызстандын башка коңшу өлкөлөрдөн өнөктөштөрдү табуусу үчүн оптималдуу аянтча болуп саналат.
Ага жөнгө салуучу органдардын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, финтех-компанияларынын, төлөм уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер, аналитиктер жана ММК өкүлдөрү катышты.
Финансылык иш-чаранын негизги темалары каржы секторундагы тренддерге жана инновацияларга байланыштуу болду: төлөм жана мамлекеттик технологияларды өнүктүрүү, накталай эмес төлөмдөр, санариптик активдер, жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана санариптик активдер рыногу.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев BIFF-2025 форумунун ачылышында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстан санариптик финансы чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу үчүн ачык жана өнөктөштүккө, инвестицияларга жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин белгилеген.
Novotel Bishkek City Center борборунда ошондой эле BIFF-2025 иш-чарасынын өнөктөштөрү болгон кыргызстандык банктардын экспозицияларынын көргөзмөсү өттү. Өздөрүнүн стенддерин «Элдик Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Бакай Банк» ААК, «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк» ЖАК жана «О!Банк» ААК көрсөтүштү.
Бишкек эл аралык финансы форуму – 2025 иш-чарасына техникалык колдоо «Оптима Банк» ААК, «ФИНКА Банк» ЖАК, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК жана «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан көрсөтүлдү.
Эске салсак, 2024-жылдын май айында BIFF-2024 Бишкекте «Финтех жана туруктуу өнүгүү: каржынын келечеги» аталышындагы темада өткөн. Форумдун өнөктөштөрү болуп «FIDO Biznes» IT компаниясы, «Бакай Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «ФИНКА Банк» ЖАКсы катышкан.
BIFF-2023 улуттук валюта – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган. «Технология. Мүмкүнчүлүктөр. Туруктуу өнүгүү » аталышындагы темаларда өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Швейцария, Монголия, Пакистан жана АКШдан 320 делегат катышкан.
Форумдун башкы өнөктөшү – Visa Inc. Стратегиялык өнөктөш – Касперский лабораториясы. Форумдун өнөктөштөрүнүн арасында: Freedom Broker, Colvir Software Solutions, Novum Analytica GmbH, DataScale, SMS Traffic жана Санариптик туруктуулук ассоциациясы.
BIFF иш-чарасынын үчүнчү жолку маалыматтык өнөктөшү Banks.kg порталы болду.
Сүрөт: Banks.kg
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.