«Балага сүйүнчү» - ымыркай жарык дүйнөгө келгендеги төлөм
Эң белгилүү колдоонун бири - «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү болуп саналат. Ал наристе төрөлгөндө үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет.
Төлөм жаңы төрөлгөн ар бир балага 4000 сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, мамлекет ар бир балага 50 миң сомдон төлөйт.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы бул төлөмдү 136 миңден ашык бала алган.
«Үй-бүлөгө көмөк» аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн
«Үй-бүлөгө көмөк» ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулду 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөр алат.
Жөлөкпулдун көлөмү 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу аймактарда сумма райондук коэффициентти эске алуу менен көбөйтүлөт.
Төлөмдү алуу үчүн үй-бүлө белгиленген талаптарга жооп бериши керек.
«Бала ырысы» жаңы жөлөк пулу
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-июлунан тарта жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулу киргизилет.
Ал үй-бүлөнүн кирешесине карабастан төрөлгөндөн үч жашка чейинки бардык балдарга төлөнөт. Төлөм ар бир бала үчүн айына 1200 сомду түзөт.
Бийликтин маалыматына ылайык, мындай жаңы колдоо чарасы өлкөдөгү кичинекей балдары бар үй-бүлөлөрдүн дээрлик бардыгын камтыйт.
Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн жөлөк пул
2026-жылдан баштап тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон аймактардын тургундары үчүн атайын ай сайын берилүүчү жөлөк пул каралган. Төлөмдүн өлчөмү 3000 сомду түзөт. Ал мындай конуштарда жашаган балдары бар үй-бүлөлөрдүн категорияларына арналган.
Көп балалуу энелерди колдоо
«Бала Береке» программасы бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелер үчүн жеткиликтүү. Төлөмдөр төртүнчү жана андан кийинки баланын төрөлүшү үчүн берилет. Жардамдын көлөмү баланын төрөлүү кезектүүлүгүнө жараша бир нече миллион сомго жетиши мүмкүн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.