Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун базарларда салыктык башкаруу боюнча пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Салык кызматы 2025-жылдын 15-мартынан 15-августуна чейин пилоттук долбоорду ишке ашырды.
Долбоор кантип иштеди
Долбоордун жүрүшүндө базардын администрациясы өзү салык агенти болуп, ишкерлердин салыктык милдеттенмелерин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн эсепке алуу жана көзөмөлдөө милдетин аткарат.
Бул максатта «Базар» маалыматтык системасы түзүлдү. Бул инновациялык санариптик платформа салык органдары жана банктар менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүп, салыктык башкарууну жакшыртат жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Буга чейин салык инспекторлору базардын катарларын кыдырып, ишкерлерге карыздары тууралуу маалымат берип келишкен. Ошол учурда базарда башаламандык орун алган: кээ бир ишкерлер патент алышса, айрымдары алган эмес, кимдир бирөө бир ай төлөсө, кийинки ай унутуп койчу. Азыр андай көйгөй жок – бардык процесстер толугу менен санариптештирилди жана ар бир соода контейнерин онлайн режиминде көзөмөлдөөгө болот.
«Базар» системасынын мүмкүнчүлүктөрү
Санариптик платформа төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- онлайн банктык операцияларды жүргүзүү,
- бардык соода түйүндөрүн, алардын мүлкүн жана ижарачыларын эсепке алуу,
- арыздарды жана документтерди тапшыруу, иштетүү,
- салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү көзөмөлдөө,
- карыздарды онлайн түрдө мониторинг кылуу,
- ижара, салык, социалдык төлөмдөр жана башка көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды салыштыруу.
Системанын жардамы менен бардык ишкерлер жана соода объектилери санариптештирилип «Дислокация» системасына интеграцияланды. Эми бардык субъекттер, алардын салык төлөмдөрү, объекттердин ачылышы жана жабылышы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөт. Эгер ишкердин карызы бар болсо, анын контейнерлери кызыл түстө, ал эми төлөнгөн учурда жашыл түстө көрсөтүлөт.
Пилоттук долбоордун жыйынтыктары
«Дордой» базарында 13 миң 697 салык төлөөчү иштейт, ал эми объекттердин жалпы саны 13 миң 890.
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу кыйла жакшырды.
Салыктык түшүүлөр үч эсеге көбөйдү:
- мурда базардан - 30 млн сом чогултулса,
- санариптештирүүдөн кийин — 100 млн сомго жетти.
2025-жылдын 10 айында жыйымдар 727 млн сомдон ашты, ал эми жыл жыйынтыгы боюнча 1 млрд сомдон ашык каражат түшүүсү күтүлүүдө.
Долбоорду жайылтуу
2025-жылдын 15-августунда пилоттук долбоор ийгиликтүү аяктагандан кийин «Кара-Суу» жана «Мадина» базарларында да ишке киргизилди. Кийинки кадам — бул системаны Кыргызстандагы бардык базарларга жайылтуу.
Бул долбоор санариптештирүү ишкерлердин жумушун бир топ жеңилдетерин, ашыкча текшерүүлөрдөн арылтаарын, ал эми мамлекеттин казынасын бекемдей турганын далилдеди — ар бир жаран өз жүгүртүүсүнө жараша адилеттүү салык төлөйт.
Укуктук өзгөртүүлөр
Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген, анда базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларына алардын аймагында иш жүргүзгөн субъекттердин салык төлөөсүн көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды берүү каралган. Мындай көзмөлдү ишке ашыруунун тартиби Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.