Малик-Айдар Абакиров: «Ипотекалык өндүрүм «Келечек» - бул турак-жайды баштапкы төлөмсүз сатып алуу»

9 жыл ичинде «Кепилдик фонду» ишкерликке багытталган бир катар кепилдик өндүрумдөрүн иштеп чыкты: «Горизонт», «Корпоративдик», «Гарант Плюс», «Гарант Экспресс», «Лизинг», ИМФ боюнча өндүрүм: «Береке», «Green» өндүрүмү, портфелдик дана алдын ала берилген кепилдиктер. Ушул жылдын март айында «Ылдам» кепилдик өндүрүмү ишке кирди.
Бир айдан бир аз ашык убакыт мурун Кепилдик фонду «Келечек» аттуу жаңы ипотекалык өндүрүмдү иштеп чыгып, ишке киргизген. Banks.kg порталы ААК «Кепилдик фондунун» төрагасы Малик-Айдар Абакиров менен жаңы ипотекалык өндүрүмдүн мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу маек курду.
— Малик Барктабасович, жаңы өндүрүм тууралуу айтып берсеңиз.
- 9 жылдык ишмердүүлүгүбүздө Дүйнөлүк банктын долбоору менен биргеликте 17,5 миңден ашык ишкерге кепилдик бердик. Фонддун мындай кепилдик берүүсү күрөөсү жоктугунан насыя ала албай жүргөн ишкерлерге жол ачылгандай болду.
Бүгүнкү күндө республиканын президенти жана өкмөтү ар бир кыргызстандыктын өзүнүн кыймылсыз мүлкүнө ээ болушуна көңүл бурууда. Мунун негизинде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы бул максатта абдан чоң каржы ресурстарын бөлгөн. Кечээ жакында президент Садыр Жапаров беш жыл ичинде турак-жайга өтө муктаж кыргызстандыктар камсыз болорун билдирди.
Өлкө жетекчилиги акыркы 2 жыл ичинде өнөр жай тармагына чоң маани берүүдө. 2024-жылы 160тан ашуун ишкана ишке киргизилди. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына кол коюлуп, анын артыкчылыктуу багыттарынын бири курулуш болуп саналды.Курулуш тармагы цемент, арматура, кирпич, айнек, жыгач жана металл буюмдарын ички жасалгалоо, транспорт иштерин активдештирет. Мунун баары экономиканын олуттуу өсүшүнөн кабар берет.
Кыргызстандын жарандарынын ипотекалык насыяга болгон муктаждыгы да өсүүдө. Муну банк тутумунда берилген жаңы ипотекалык кредиттердин өсүү динамикасы далилдеп турат. Банк тутумунда ипотекалык насыя алууну каалаган адамдар банктын 30%га чейин баштапкы төлөм жүргүзүү зарылчылыгы боюнча талаптарынан улам дайыма эле ала алышпайт.
Ошондуктан Кепилдик фонду жаңы «Келечек» өндүрүмүн ишке киргизди. Бул өндүрүм каражаты чектелген жарандарга баштапкы төлөмсүз ипотека алуу үчүн кепилдик катары колдоо берет. Азырынча Кыргызстандагы төрт банк — ААК «Мбанк», ААК «Дос-Кредобанк», ААК «Айыл Банк» жана ААК «Элдик Банк» биздин сунушту кабыл алып, бир нече ипотекалык кредиттерди беришти.
Учурда дагы бир нече банктар «Келечек» өндүрүмү боюнча ачык сунушту караштырып жатышат.
— «Келечек» өндүрүмү боюнча алгачкы кепилдикти ким алды?
— Алгачкы бактылуу адам Бишкек шаарынын тургуну болду. Ушул жылдын июнь айынын аягында ал үч бөлмөлүү батирдин ээси болду, баштапкы төлөмсүз. 2,2 миллион сом өлчөмүндө баштапкы төлөмдү камсыз кылуу боюнча берилген кепилдик ага 10 жылдык мөөнөткө кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн «Айыл Банк» ААКдан 7 миллион сом өлчөмүндө ипотекалык насыя алууга мүмкүндүк берди.
Көрүнүп тургандай, көптөн күткөн үйдү алдын ала баштапкы төлөмсүз сатып алуу реалдуулукка айланды. «Келечек» продуктусу жеке үй сатып алууга жана кыргызстандыктарга кепилдик берүү аркылуу алардын жашоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүүгө багытталган.
— Сиздин бул жаңы өндүрүмдөн кандай күтүүлөрүңүз бар?
— Дүйнө жүзүндө 100дөн ашуун өлкөдө кепилдик фонддору иштейт, ар бири өзүнчө багытта. Мисалы, биздин азербайжандык кесиптештерибиз ипотека менен башташкан, азыр алардын капиталы 673 млн АКШ долларды түзөт. Алар бир жыл ичинде 2 млрд доллар ипотекалык кредит, 432 млн доллар бизнес кепилдик берген. Казакстанда да ипотекалык насыялар боюнча кепилдик фонду бар, үч ай мурун дагы бир ушундай каржы уюму түзүлгөн. Ал эми АКШда адамдар финансыга, анын ичинде ипотекалык продуктыларга чексиз жете алышат.
Биздин учурда биз алгач ата мекендик ишкерлерге жардам берүүнү биринчи орунга койгонбуз. Биз ата мекендик бизнестин муктаждыктарын жана алар менен кантип иштешүүнү жакшы билебиз. Биз ипотекалык продуктыга Кепилдик фонду негизделгенден кийин 9 жылдан кийин келдик. Ал эми жарандарыбызды турак-жай менен камсыз кылмайынча ал суроо-талапка ээ болот.
Турак-жай менен камсыз болбогон жарандар үчүн бул продукт популярдуу бойдон калат. Биз бул продукттан чоң ийгилик күтүп жатабыз: сунуштап жаткан шарттарыбыз жеткиликтүү жана бизде жакшы үмүт бар. Ал эми «Келечек» бул эртеңки күнгө умтулган «жакынкы келечек» деген манини билдирет, жана бул маани кубандырат.
— Ипотекалык жаңы өндүрүм боюнча кепилдикти ким ала алат?
- Ипотекалык турак жайды баштапкы төлөмсүз сатып алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик бардык жеке адамдарда – Кыргызстандын жарандарында, үзгүлтүксүз жалпы иш тажрыйбасы бар же 12 айдан кем эмес ишкердик ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү барларда мүмкүнчүлүк бар.
- Ипотекалык келишимдин алгылыктуулугунун критерийлери кандай?
— Ипотекалык каржылоонун максаты кыймылсыз мүлктү - өзүнчө турак жайды, көп кабаттуу үйдөгү батирди же курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батирди сатып алуу болуп саналат. Алынган насыянын максималдуу суммасы 10 миллион сом же 115 миң АКШ долларын түзөт.
«Кепилдик фонд» ААКнын катышуунун максималдуу үлүшү сатылып алынган мүлктүн суммасынан 30% ашпайт: улуттук валютада – 3 млн сомдон ашык эмес, ал эми чет өлкө валютасында – 34,5 миң АКШ долларынан көп эмес. Маселен, алынган мүлктүн баасы 5 миллион сом, Кепилдик фондунун кепилдиги түрүндө баштапкы төлөм 1,5 миллион сом.
Кепилдик төлөм - комиссия - кепилдик суммасынын 2%ын түзөт - ал кепилдик суммасынан бир жолу алынат. Ипотекалык каржылоонун мөөнөтү 15 жыл. Учурдагы милдеттенмелерди кайра каржылоого жол берилбейт.
Кепилдиктерди берүүдө карыз алуучунун акыркы 3 жылдагы кредиттик тарыхынын маалыматтары текшерилерин эске алыңыз.
- Жашоодогу айрым мисалдар Фонддун иши жарандардын жана ишканалардын жашоосуна оң таасирин тийгизип жатканын ачык көрсөтүүдө. Жакынкы убактарга кандай пландар бар?
— Биздин командага талыкпай иштөөгө, карапайым калктын жана ишкерликтин көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечүүгө жана башка финансылык инструменттерди пландаштырууга жана аны ишке ашырууга туура келди.
Биз стратегиялык калыпта ойлондук жана таасирдүү натыйжаларга жетиштик. Бүгүн биз келечекке ишеним менен карап, өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштоодобуз. Бизди жаңы долбоорлор жана кепилдик өнүмдөрдүн кеңейтилген спектри күтүп турат.
Кепилдик фондунун ынтымактуу жамааты эмгекке жооптуу жана зор потенциалга ээ. Биз команданы мүмкүн болушунча шыктандырып келебиз!
Толук маалыматты шилтеме аркылуу же байланыш телефондору аркылуу алсаңыз болот:
- +996 556 62 53 79
- +996 554 17 71 05
- +996 312 62 53 79
Маалымат үчүн:
Абакиров Малик-Айдар Барктабасович - «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы, инвестициялык банкир, эл аралык каржы уюмдарынын консультанты. Кыргыз Республикасынын банк системасынын отличниги, мол тажрыйбага ээ.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, «М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун» Улуттук изилдөө университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору, Кыргызстан банктар союзунун отличниги, Нарын облусунун ардактуу атуулу. Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү.
Малик-Айдар Абакиров кепилдик фонддор, банк системасы, ишкердикти өнүктүрүү жана экономика боюнча китептердин жана макалалардын автору. Алардын арасында:
- GUARANTEE FUND – Institute for Support and Development of Entrepreneurship, 2024;
- «Кепилдик фонду: ийгиликтин тарыхы», 2021;
- «Банк ишинин практикасы» – ЖОЖдор үчүн окуу куралы, 2020;
- «Интенсивдүү кой чарбачылыгы», 2020;
- «Чакан жана орто ишканалар үчүн каржылоо мүмкүнчүлүгү: Кепилдик фонду», 2019-жыл;
- «Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугу: фактылар жана корутундулар».
Сүрөт: Banks.kg
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.