Кыргызстанда криптокөзөмөлдүн мамлекеттик системасы RUNEXKG ишке кирди

Глобалдык санариптик трансформация шартында Кыргызстан заманбап, ачык-айкын жана коопсуз санариптик экономиканы түзүүгө туруктуу умтулууда.

Кыргызстанда криптокөзөмөлдүн мамлекеттик системасы RUNEXKG ишке кирди
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди. 

Санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров инновацияларды киргизүүгө, мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган саясатына ылайык, виртуалдык активдер рыногун жаңы экономиканын стратегиялык сектору катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Президент финансылык системаларды санариптик трансформациялоо глобалдык өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири болуп баратканын белгиледи. Барган сайын көп өлкөлөр санариптик валюталарды киргизип, стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө.

Ченемдик укуктук базаны түзүү

2022-жылдын башынан тартып өлкөдө виртуалдык активдер рыногун нормативдик жөнгө салуунун негиздери түзүлгөн. Укуктук талаанын негизин төмөнкүлөр түзөт:

  • «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №514 токтому жана 2025-жылдын 30-сентябрындагы №625 токтому.

Тармактын өнүгүү динамикасы

Виртуалдык активдер менен соода жүргүзүү жана алмашуу операторлорунун ишин, виртуалдык активдерди чыгарууну, ошондой эле майнингди сертификациялоону жөнгө салуучу жоболор иштелип чыкты. Виртуалдык активдердин эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестри түзүлдү, анда 5 виртуалдык активдин чыгарылышы катталган.

Эске салсак, 31-октябрда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоиндин биринчи чыгарылышы — 50 140 738 «USDKG» стейблкоини катталды, бир стейблкоиндин номиналдык наркы 1 АКШ доллары, жалпы суммасы 50 млн АКШ долларын түзөт. Активдин эмитенти болуп «Виртуалдык активдердин эмитенти» ААКсы саналат. 

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлоруна 185 лицензия, соода операторлоруна 13 лицензия жана майнингге 10 сертификат берилди.

Виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн операцияларынын жалпы жүгүртүүсү 1 784,18 млрд сомду түздү, ал эми төлөнгөн салыктардын суммасы - 2 041,7 млн сомду түздү.

Көзөмөл иш-чараларынын жыйынтыгында жалпы суммасы 1,12 млн сомду түзгөн 41 административдик протокол түзүлдү. 20 компаниянын оператордук лицензиялары кайтарылып алынды, ал эми үч лицензиянын аракети токтотулду.

Жөнгө салууну жана тобокелдикти көзөмөлдөөнү күчөтүү

№625 токтому токтому виртуалдык активдердин операторлоруна талаптарды олуттуу түрдө күчөтөт. Негизги жоболордун арасында:

  • жөнгө салуучу тарабынан аныкталган провайдерлер аркылуу транзакцияларды АМL/KYT (КЖТФ боюнча талаптарга ылайык келүүсү);
  • кардарларын идентификациялоо, верификациялоо жана алыскы форматта;
  • анонимдүү капчыктарды, NFT жана тобокелдик деңгээли жогору болгон активдерди колдонууга тыюу салуу;
  • виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүчүлөрдө КТФ/КЖД боюнча ички саясаттардын жана жол-жоболордун болушу; 
  • террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо боюнча документтерди кеминде 5 жыл сактоо милдеттүүлүгү.

Криптокозөмөлдүн мамлекеттик системасы RUNEXKG

RUNEXKG — бул Кыргыз Республикасындагы бардык виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн ишин каттоо, мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн санариптик экосистема.

RUNEXKG мамлекеттик платформасы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • мониторинг жүргүзүүгө, талдоого жана көзөмөлдөөгө;
  • мыйзам талаптарына (AML/KYC) ылайык келүүсү үчүн транзакцияларды текшерүүгө;
  • көзөмөлдөө, анын ичинде суроо-талап боюнча аналитикалык отчетторду берүүгө;

Артыкчылыктар

Финкөзөмөл белгилегендей, виртуалдык активдер тармагындагы жөнгө салууну өнүктүрүү эл аралык стандарттарына туура келет жана ачык, коопсуз жана инвестициялык жагымдуу крипто-экосистеманы түзүүгө багытталган.

«Санариптик экономика элдин кызыкчылыгына кызмат кылып, улуттук капиталдын өсүшүнө көмөктөшүп, өлкөнүн экономикалык суверенитетин бекемдөөгө тийиш», - деп жазылат маалыматта. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться