ИИМ өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөдө

2022-жылы Б.А.Т. аттуу жаран алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, каражаттарды жеке максаттарына жумшаганы аныкталган.

ИИМ өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөдө
Сүрөт: КР ИИМ

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Шектүү катары 1966-жылы туулган  Б.А.Т. кармалган. Ал эми акча каражатынын так суммасы айтылган жок. 

Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда.

Тергөө иш-чаралары уланууда. 

Эске салсак, 2025-жылдын ноябрында Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалган. Келтирилген чыгым 7 млн 500 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле, декабрь айында  Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери электрондук капчыктан 23 млн сом чыгарып кетишкен шылуундарды кармаган. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.